


Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк» жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Нооруз майрамына карата С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы тарабынан «Сармерден — 2026» кыз-жигиттер айтышы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Аталган маданий иш-чарага Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинин уландары жана Филология факультетинин кыздары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Таймаштын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, даңазалоо жана студент жаштарды маданий-руханий жактан тарбиялоо болуп саналат.
Иш-чара белгиленген жобого ылайык бир нече этаптан туруп, катышуучулар саламдашуу, тамашалуу ырлар, элдик ырларды аткаруу, макал-лакап айтышуу, жаңылмач айтуу, акыйнек айтышуу жана кыргыз элинин каада-салттарын сахналаштыруу боюнча күч сынашты. Таймаш жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Калыстар тобунун курамында:
— Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» Көгөева Саадат Ажыкеевна;
— «Алтын балалык» жаш таланттарды колдоо борборунун жана «Ай санат» бий тобунун жетекчиси, педагог-хореограф Акматалиева Анара Мукушовна;
— нарын арйондук маданият бөлүмүнүн башчасы Нууева Ждумагүл болушуп, таймашка калыс баа беришти.
Жыйынтыгында 127 упай менен Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинин уландары 1-орунду багындырышты. Филология факультетинин кыздары да татыктуу оюн көрсөтүп, өз өнөрлөрүн тартуулодо кем калышпай 126 упай топтоду. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылып, бардык катышуучуларга ыраазычылык каттар ыйгарылды. Ошондой эле илимий китепкана тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
Кийинки кезек окутуучулук-профессордук курамга, тактап айтсак Агрардык техникалык-экономикалык колледжине жана Чет тил жана компьютердик системаларды программалоо колледжине өткөрүлүп берилди.
«Сармерден — 2026» маданий иш-чарасы улуттук каада-салттарды жайылтууга, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана алардын руханий дүйнөсүн байытууга өзгөчө салым кошту.
Урматтуу окурмандар жана окуу жайдын жалпы жамааты! Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңырган жаз менен кошо ар бириңиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз!
Урматтоо менен,
Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын жамааты.


2026- жылдын 13-мартында НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында КРнын телевидениесинин отличниги, Маданияттын мыкты кызматкери, КРнын журналисттер союзунун мүчөсү Рахманов Кулчун Баратбаевичтин «Түркүн тагдырлар» аталышындагы китебинин бет ачар аземи болуп өттү.
Бул китепке өткөн кылымдын 1929−1932-жылдардагы эл башында туруп, көмөгүн көрсөтүп, жокторун бар кылып, ак эмгегин өтөгөн Ат-Башы районунун Май айылынан чыккан Кулчун Өмүраалы уулу тууралуу сөз болот. Ошол жылдарда ак жеринен караланып, эл душманы аталып, кийин кызылдар менен болгон кармашта элин сактап Кытайга ашырып, өзү акка моюн сунганы тууралуу жазылган эмгек экенин НМУнун окутуучусу Э.А. Саргашкаев студенттерге, окутуучуларга жана иш чарага чакырылган Кулчун Өмүраалы уулунун урпактарына кеңири токтолду. Автор китептин жаралышы тууралуу айтып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Педагогика факультетинин деканы Г. Эсеналиева да ошол отузунчу жылдардагы оор тагдырларга кабылыгандардын карт тарых тастыктап отурганы жөнүндө маалымат берип өттү. Иш-чарага келген коноктордун ар бирине сөз берилип авторго ыраазычылык билдирип, өз ойлору менен бөлүшүштү. Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева да сөз сүйлөп, студенттерди китеп окууга чакырды.
Иш-чаранын аягында автор К. Рахманов уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип китебин илимий китепканага белекке берди.
Таза айлана — таза ойдун жана жаркын келечектин күзгүсү.


С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде ишембилик уюштурулуп, окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышышты. Бул иш-чаранын негизги максаты — университеттин айланасын тазалоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу жана жамааттын биримдигин бекемдөө болду.
Ишембилик алкагында университеттин жамааты белгиленген аймактарга бөлүнүп, тазалык иштерин жүргүзүштү.
Ак-Коргон корпусунун аймагында китепкана, ЦПК, АТФ, педагогикалык жана экономика факультеттеринин окутуучулары эмгектеништи. НАЭК колледжинин жамааты колледждин айланасын тазалашты. Педагогикалык колледждин окутуучулары жана студенттери да өз аймагында тазалык иштерин жүргүзүштү. Башкы корпустун айланасында административдик-башкаруу персоналы иш алып барышты.
Ошондой эле Соң-Көл аймагында филология факультетинин окутуучулары жана студенттери тазалык иштерине катышса, Алма-Бак паркында агрардык-технология факультети, педагогикалык жана экономика факультеттеринин өкүлдөрү, НАЭК жана IT колледжинин кураторлору студенттери менен биргеликте аймакты тазалап, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүштү.
Мындай иш-чаралар университет жамаатынын ынтымагын арттырып гана тим болбостон, жаш муундарды тазалыкка, жоопкерчиликке жана жаратылышка кам көрүүгө тарбиялайт.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо — ар бирибиздин жарандык милдетибиз экенин баса белгилеп, мындай пайдалуу демилгелерди мындан ары да улантат.


