Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Пайтон программалоо тили боюнча окуу курсу иштелип чыкты. Бул 2022-жылы аталган министрлик жаштардын жана аялдардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча «Санарип Инсан» долбоорун колдоо чечиминен кийин ишке ашып отурат. Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер учурда эң көп акы төлөнгөн кесиптердин катарында. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүү үчүн жарандар тилдик тоскоолдуктарга туш болуп […]