Бүгүн, 2019-жылдын 11-июлунда, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Таштанбек Моңолдорович Сияев, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 1-турдун жүрүшүндө ар түрдүү багыттарга бюджеттик негизде окуу үчүн талондорун таштап, натыйжада алдыңкы орундарды ээлеп, окууга кабыл алууга сунушталган абитуриенттер менен жолугушуу жасады. 1-турдун жүрүшүндө бардыгы болуп 52 абитуриент бюджеттик негизде окуу үчүн талон ташташкан. 10-июль күнү саат 14:00дө атайын үкөктөр […]

Биздин окумуштуулардын комплекстүү илимий-изилдөө иштери
Нарын шаарынын тургундарына белгилүү болгондой борбордук базардын айланасындагы жолдо жүрүүнүн баш аламандыгын жөнгө салууга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин докторанты т.и.к., доцент Э.Д. Молдалиевдин жана Нарын ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилиги менен бирдикте комплекстүү илимий-изилдөө иштери аткарылган. Учурда Ленин-Шуллер көчөсүнүн кесилиштерин светофор менен жөнгө салууну уюштуруу иштери өндүрүштө колдонулуп, Орозбак уулу-Шуллер көчөсүнүн кесилиштерин светофор менен жөнгө салууну […]