• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25
ТалМУнун окутуучулары жана студенттери НМУда

ТалМУнун окутуучулары жана студенттери НМУда

2019-жылдын 30-май күнү университетибизгеТалас мамлекеттик университетинин биология жана георгафия багытында окуп жаткан 2-курстун студенттери ТалМУнун табигый-илимдер кафедрасынын башчысы геогр.и.к., доцент Г. Ч. Донбаеванын жетекчилиги астында академиялык мобилдүүлүк боюнча окуу-талаа практикасына келишти. Алар аталган практиканы НМУнун табигый-илимдер кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Н.И.Ибраеванын жетекчилиги менен ѳтүштү. Андан соң, коноктор НМУнун башкы корпусунда проректор Э.А.Саргашкаев менен жолугушуп, кыскача экскурсия кылышты. Нарын жана Талас мамлекеттик университеттери республикадагы […]

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине 23 жыл

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине 23 жыл

2019-жылдын 22-майында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине 23 жыл толду. Бул мааракени университеттин жамааты кызуу белгиледи. 24-май күнү университеттин мааракесине карата буга чейинки ректорлор Жаманкулов Ж.М., Акматалиев А.А., Калдыбаев С.К. чакырылды. Университеттин жамааты жана студенттери конокторду зор кубаныч менен тосуп алышты. Алгач коноктор университеттин башкы имаратында болуп, мааракеге карата жаныланып жасалгаланган залдар менен таанышып чыгышты. Анда имараттын 2-этажында атайын мурунку […]

БАА ЖЕТКИС БЕЛЕК

БАА ЖЕТКИС БЕЛЕК

2019-жылдын 8-майында НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан (Мелис)Амантурович Акматалиев менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушууну С. Нааматов атындагы НМУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Т.М.Сияев ачты. Ал өз сөзүндө адам баласынын жашоосунда китептин орду эң маанилүү экенин баса белгиледи. Ал эми академик […]

НМУнун студенттери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында

НМУнун студенттери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында

25−26-апрель 2019-жылы Агрардык-техникалык факультетинин Маалыматтык технологиялар кафедрасынын «Саламаттыкты сактоодогу информатика» багытынын студенттери Бишкек шаарына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы KyrMedu проектисинин алкагында уюштурулган биомедициналык лабораториясына практикага барышты. Студенттерди «Табигый илимдер» кафедрасынын башчысы Ибраева Н. жана «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын ага окутуучусу Кулманбетова С. жетектеп барышты. Бул лабораторияда проектинин негизинде заманбап медициналык каражаттар (УЗИ, кардиограф, Гастроскоп ж.б.) алынып келинген. Бул сыяктуу аппараттар Кыргызстанда саналуу […]

НМУнун студенттери жана мектеп окуучулары Жениш күнүн белгилешти

НМУнун студенттери жана мектеп окуучулары Жениш күнүн белгилешти

2019-жылдын 8-май күнү С. Нааматов атындагы НМУнун Педагогика факультетинин «Табигый-илимдик билим берүү» кафедрасынын 2-курсунун ЕНО-17 группасынын студенттери жана Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын А. Жутакеев атындагы орто мектебинин 8-«Б"классынын окучулары менен биргеликте 9 МАЙ ЖЕҢИШ күнүнө карата «МЕН АТАМДЫ ЭСКЕРЕМ» деп аталган чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскерүүгө арналып, студенттер жана окуучулар тарабынан кыскача чыгармачылык номерлердин […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!