• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

С. Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

2018- жылдын 16-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Тарых, философия жана социалдык — экономикалык билим берүү» кафедрасы тарабынан «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» — аттуу тегерек стол облустук деӊгээлде уюштурулду. Аталган тегерек столго Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Нарын облусундагы координатору С. Нурмамбетов, НМУнун ректору, профессор Д.К. Өмүралиева, НМУнун илим боюнча проректору Н.А.Чоробаева, Нарын шаарындагы К. Мамбеталиева атындагы тарыхий-этнографиялык музейинин […]

НМУда филология илимдеринин доктору, профессор Т. Токоев атындагы кыргыз тили жана адабияты усулканасы ачылды

2018-жылдын 14-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты усулканасынын ачылыш аземи болду. Усулканага филология илимдеринин доктору, профессор Т. Токоевдин ысымы ыйгарылды. Ачылыш аземин НМУнун ректору э.и.д., профессор Д.К.Өмүралиева ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Окумуштуунун үй-бүлөсү Т. Токоевдин өздүк китепканасындагы 2000ге жакын илимий китептерди жана адабияттарды С. Нааматов атындагы НМУнун илимий китепканасынын фондуна белек кылышты. Бул иш-чарада окуудагы […]

НМУнун окутуучулары жана студенттери Казакстанда

2018-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин ага окутуучусу Мамбеталиев Жолдошбек Тезекбаевич, окутуучу Омуров Айбек Нарынбекович. студенттер Ишенбеков Самат, Курманбек уулу Көчөрбай, Токтобеков Мирлан Алматы шаарындагы Абай атындагы улуттук педагогикалык университетинин астындагы искусство, маданият жана спорт институтунда болуп кайтышты. Баргандар институттагы искусствонун бардык багыттарында жасалгаланган окуу өнөрканаларын көрүп, анда окуп жаткан студенттердин чыгармачылык менен аткарган […]

АТД кафедрасынын студенттери илимий — изилдөө жүргүзүшүүдө

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык дисциплиналар" кафедрасынын докторант, аспиранттары «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу» адистигинин студенттери менен бирдикте жаздын келишин Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасындагы жол кесилиштериндеги кыймыл тартиптерин изилдөөдөн башташты. Изилдөөнүн жетекчиси АТФ кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Э.Д. Молдалиев. Бул изилдөөнүн жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге аталган жерде жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу боюнча сунуштар киргизилмекчи.

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!