Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 19-сентябрда болуп өткөн Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен болгон жолугушууда өзгөчө мазмундагы суроолорду берген студенттерге белек берип жиберүүнү убада кылган. Өкмөт башчысынын убадасы аткарылып, бүгүн, 18-октябрда КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (губернатор) Аманбай Кайыпов С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенти Дүйшѳнаалы кызы Мединага Премьер-министр Сапар Исаковдун белегин тапшырды.