НМУнун 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш чаралар 28-октябрь 2016 жылы университеттин жаңы спорт залынын ачылышы менен башталды. Ачылышка Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Аманбай Кайыпов катышып ѳз куттуктоосун айтты. Андан кийин 20 жылдыкка арналган салтанатту жыйын жаштар ордосунда улантылды. Жыйынды университеттин ректору профессор Омуралиева Дамира Кемеловна сѳз сүйлѳп Кыргыз Республикасынын гимни ойноп, андан ары салтанаттуу кече ачык деп жарыяланды. Кечеге келген коноктор жогорку окуу жайлардын ѳкүлчүктѳрү, жогорку кеңештин депутаттарынын ѳкүлчүктѳрү, бүтүрүүчүлѳр каалоо тилектерин айтышып белектерин тапшырышты.