Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк» жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Нооруз майрамына карата С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы тарабынан «Сармерден — 2026» кыз-жигиттер айтышы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган маданий иш-чарага Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинин уландары жана Филология факультетинин кыздары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Таймаштын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, даңазалоо жана студент жаштарды маданий-руханий жактан тарбиялоо болуп саналат.

Иш-чара белгиленген жобого ылайык бир нече этаптан туруп, катышуучулар саламдашуу, тамашалуу ырлар, элдик ырларды аткаруу, макал-лакап айтышуу, жаңылмач айтуу, акыйнек айтышуу жана кыргыз элинин каада-салттарын сахналаштыруу боюнча күч сынашты. Таймаш жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Калыстар тобунун курамында:

— Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» Көгөева Саадат Ажыкеевна;

— «Алтын балалык» жаш таланттарды колдоо борборунун жана «Ай санат» бий тобунун жетекчиси, педагог-хореограф Акматалиева Анара Мукушовна;

— нарын арйондук маданият бөлүмүнүн башчасы Нууева Ждумагүл болушуп, таймашка калыс баа беришти.

Жыйынтыгында 127 упай менен Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинин уландары 1-орунду багындырышты. Филология факультетинин кыздары да татыктуу оюн көрсөтүп, өз өнөрлөрүн тартуулодо кем калышпай 126 упай топтоду. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылып, бардык катышуучуларга ыраазычылык каттар ыйгарылды. Ошондой эле илимий китепкана тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Кийинки кезек окутуучулук-профессордук курамга, тактап айтсак Агрардык техникалык-экономикалык колледжине жана Чет тил жана компьютердик системаларды программалоо колледжине өткөрүлүп берилди.

«Сармерден — 2026» маданий иш-чарасы улуттук каада-салттарды жайылтууга, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана алардын руханий дүйнөсүн байытууга өзгөчө салым кошту.

Урматтуу окурмандар жана окуу жайдын жалпы жамааты! Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңырган жаз менен кошо ар бириңиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз!

Урматтоо менен,

Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын жамааты.

  • Related Posts

    EPU (Euroasia-Pacific Uninet) уюмунун колдоосу менен «TStour» долбоорунун алкагында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин долбоордук командасы 2026-жылдын 16−21-февраль күндөрү Австриянын Зальцбург университетинде өткөрүлгөн семинарга катышты.

    Альпы тоолорунун этегинде — илим, идея жана өнөктөштүк!

    Семинарда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары терең талкууланып, төмөнкү маанилүү чечимдер кабыл алынды:

    1. Биргелешкен илимий макала даярдоо пландалды;

    2. Жаңы эл аралык долбоордун концепциясын иштеп чыгуу;

    3. Узак мөөнөттүү академиялык кызматташуу багыттары такталды.

    Программанын алкагында команда туризм тармагындагы алдыңкы тажрыйбалар менен жакындан таанышып, төмөнкү мекемелер менен жолугушту:

    1. Зальцбург туризм колледжи — кадрларды даярдоонун заманбап модели;

    2. Зальцбургдун жергиликтүү туризм ассоциациясы — аймактык башкаруунун ийгиликтүү практикалары;

    3. Статистика департаменти — туризмди маалыматка негиздеп өнүктүрүү ыкмалары.

    Бул иш-сапар — туруктуу туризмди өнүктүрүүгө, изилдөө сапатын жогорулатууга жана НМУнун эл аралык деңгээлдеги ордун бекемдөөгө карай олуттуу кадам. TStour — бул жөн гана долбоор эмес, бул тоолуу аймактар үчүн туруктуу өнүгүүнүн жаңы модели.

    Алдыда — жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы дем жана жаңы жетишкендиктер!

    #EPU#TStour#NarynStateUniversity#InternationalCooperation

    С.НААМАТОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ГИДРОПОНИКА ТЕХНОЛОГИЯСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨЗДӨШТҮРҮЛДҮ.

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин, Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү багытынын ТСП-1−23 группасынын студенттери, окутуучусу Олжобаева Тинатин Муталиповнанын жетекчилиги алдында теория менен практика айкалышып, заманбап айыл чарбасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылууда!

    «Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү» багытынын 3-курсунун студенттери окутуучусу менен окуу лабораториясында өсүмдүктөрдү (редис, руккола, амарант ж.б.) гидропоникада өстүрүп келишкен. Жана ошондой эле салат жалбырагын гидропоника ыкмасы менен өстүрүүнүн жогорку натыйжалуулугун далилдешти.

    Гидропоникада өсүмдуктөрдү өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жыйынтыгы. Гидропоника -бул жөн гана өсүмдүк өстүрүү эмес, бул — так илим менен алдыңкы технологиянын айкалышы. Гидропониканын негизги өзгөчөлүгү жыл мезгилинин кайсыл учуру болбосун өстүрүүгө жана түшүм алууга болот. Гидропониканын негизги функциялары:

    • Түз азыктануу: Өсүмдүк топурактан энергия коротпой, атайын азыктандыруучу эритмени түздөн-түз тамыры аркылуу алат.

    • Жасалма жарыктандыруу: Атайын фито-лампалар күндүн нурун алмаштырып, фотосинтез процессин үзгүлтүксүз жөнгө салат.

    • Туюк цикл: Сугаруу системасы толугу менен автоматташтырылган. Суу насос аркылуу айланып турат, бул экологияны сактоо менен бирге сууну 90%га чейин үнөмдөйт.

    Бул практикалык сабактын натыйжасында студенттер болгону 21 күндүн ичинде биринчи түшүмдү алып, аны жапон волонтеру Наоко Шеда менен биргеликте жергиликтүү азыктарды кошуу менен (алма, чычырканак, айран, сабиз, киви, апельсин, банан) ден соолукка пайдалуу болгон витаминдүү смузи жасашты.

    Практикадан — Илимге, Стартапка жана Дипломдук ишке!

    Бул жөн гана практикалык тажрыйба бойдон калган жок. Бул чоң долбоордун башаты:

    1. Илимий макала: Студенттер бул практикалык иштин негизинде өздөрүнүн алгачкы илимий макалаларын жазып чыгышты.

    2. Дипломдук иш жана Стартап: Бул долбоор студенттердин келечектеги дипломдук иштерине илимий негиз болуп, реалдуу киреше алып келүүчү студенттик стартап катары бааланууда.

    3. Үзгүлтүксүз өнүгүү: Бул багыттагы иштер токтоп калбастан, мындан ары да кеңейтилет. Өстүрүү технологиясын гана эмес, продукцияны кайра иштетүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу — биздин башкы максатыбыз!

    Биздин студенттер — келечектин заманбап, креативдүү жана технологияны терең билген адистери! Студенттерибиздин илимий жана ишкердик кадамына ийгилик каалайбыз!

    #гидропоника#практика#агроинновация

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Кыз-жигит оюну «Сармерден — 2026»

    Приглашение

    Объявление

    Рахманов Кулчун Баратбаевичтин «Түркүн тагдырлар» аталышындагы китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

    Тазалык — тарбиянын башаты, биримдиктин белгиси.

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» форуму өткөрүлдү