29 январь күнү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде өткөн «Илимий макала жазуу» аталышындагы тренинг жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн абдан пайдалуу болду. Тренингдин жүрүшүндө илимий макала жазуунун түзүлүшү, эл аралык талаптар, журнал тандоо, аннотация жана жыйынтык жазуу, академиялык стиль, плагиат маселелери боюнча кеңири жана практикалык маалыматтар берилди.
Иш-чарага активдүү катышкан: аспиранттарга, магистранттарга, К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжине, Маалыматтык технологиялар кафедрасына, Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасына чоң ыраазычылык билдиребиз!
Ошондой эле тренингдин жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошкон тренерлерге: Кыдыралиева Гулзат Алмамбетовнага, Мамырбаев Адилет Кылычбековичке өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!
Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Мындай иш-чаралардын дагы да үзгүлтүксүз өткөрүлүшү жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүп, макала жазып чыгарууга чоң жардам берет деп ишенебиз.
Илим жана инновация борборунун маалыматынан.
  • Related Posts

    2026-жылдын 10-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасынын алкагында «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» аттуу форум уюштурулду.

    Форумга Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ишканалардын жетекчилери, банк кызматкерлери, жалпы билим берүү мектептеринин директорлору, ошондой эле башка социалдык өнөктөштөр катышты.

    Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоо, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо, студенттерди өндүрүштүк практикага тартуу жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Катышуучулар университет менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришип, келечектеги биргелешкен иштердин негизги багыттарын белгилешти.

    Форум билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты бекемдеп, жаш адистерди сапаттуу даярдоого жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жолун туура тандоосуна өбөлгө түзөрү белгиленди.

    #ачык_эшиктер_күнү

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

    2026-жылдын 10-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку жана орто кесиптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, кесип тандоо багыттары жана студенттик жашоо шарттары тууралуу кеңири маалымат берүү максатында «Ачык эшиктер күнү» уюштурулду.

    Иш-чарага мектептердин 9−11-класстарынын окуучулары жана аларды коштоп келген мугалимдер активдүү катышып, университет менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ачык эшиктер күнү салтанаттуу түрдө ачылып, катышуучуларга университеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

    Иш-чаранын алкагында:

    🔹 университеттин билим берүү программалары боюнча презентациялар өткөрүлдү;

    🔹 кабыл алуу эрежелери жана гранттык орундар тууралуу маалыматтар берилди;

    🔹 факультеттердин окутуучулары менен жолугушуулар уюштурулду;

    🔹 окуу корпустары, лабораториялар жана жатакана менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү;

    🔹 кесип тандоо боюнча кеңеш берүү жана суроо-жооп сессиялары өткөрүлдү.

    Бул иш-чара мектеп окуучуларына келечектеги кесибин туура тандоого, билим алуу багытын так аныктоого жана университеттин билим берүү чөйрөсү менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

    #НМУ#ачык_эшиктер_күнү#аббитуриент2026#НарынМамлекеттикУниверситети

    Иш-чаранын соңунда келген конокторго балмуздак таратылып, жагымдуу маанай тартууланды.

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    You Missed

    Тазалык — тарбиянын башаты, биримдиктин белгиси.

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» форуму өткөрүлдү

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

    Урматтуу бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мектеп жамааты!

    Борбордук Азия университетинин Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директору Мария Гузикова менен биргеликте бир катар методикалык семинарлар өткөрүлдү.

    Встреча в Центре русского языка и культуры