Бүгүн биздин университетке Германия мамлекетинин «Вайенштефан- Триздорф прикладдык илимдер университетинин окутуучулары Karl Eischer жана Gunter Korig иш сапары менен келип кетишти.
Бул иш сапардын негизги максаты болуп:
«Банковское дело, развития кредитных кооперативов (Банк, кредиттик лизинг иштеп чыгуу»)
- Агрардык менеджмент адистиги менен таанышуу
- Кооперативтерди көрүп чыгуу, таанышуу
Келген коноктор менен жолугушуу төмөнкү жерлерде болду:
- НМУнун ректору, проф. Дамира Кемеловна менен жолугушуу
- Магистрлик борбордо
- Герман тилдери борборунда
- Турк тили жана маданияты борборунда
- Кытай борборунда
- Эл аралык байланыштар бөлүмүндө
НМУнун «Экономика, бизнес жана башкаруу» факультетинин 3−4 курсунун студенттери менен жолугушуп, ар кандай суроолорго жооп беришти. Ошондой эле билимдерин улантууну каалаган студенттерди Триздорф университетине чакырып, ал үчүн немис тилин терең өздөштүрүү керектигин баса белгилешти.