Борбор 2008-жылы Ч. Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата ачылып, ага НМУнун жаштар жана студенттер союзунун көмөгү менен капиталдык ремонттор жасалган. 2008-жылдын сентябрына карата борбор окуу процессин натыйжалуу жүргүзүү үчүн зарыл жана керектүү эмеректер менен камсыздалган. Азыр анда үзгүлтүксүз лекциялар практикалык сабактар өтүлүп турат. Сабактардан тышкары борбордо жылы бою студенттерге багышталган ар түрдүү иш-чаралар: тренингдер, семинарлар, адабий кечелер, викториналар, дебаттар, жолугушуулар өткөрүлөт. Мамлекеттик тилде жарык көргөн илимий эмгектердин, көркөм адабияттардын бет ачарлары өткөрүлүп турат.