Бүгүн, 3-март Нарын шаарында Мамлекеттик туунун жана 5-март Ак калпак күндөрүнө карата жөө жүрүш уюштурулду. Жөө жүрүшкө мектеп окуучулары, мугалимдери жана С. Нааматов атындагы НМУнун, педагогикалык, агрардык-экономикалык, медициналык колледждердин студенттери, окутуучулары, мекемелердин кызматкерлери катышты. Кыргыз улутун даңазалоо, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында шаарыбызда жакшы иш-чара болуп өттү. Мындан сырткары, НМУ «Ак калпакчан жигиттерди кыздар колдойт» аттуу акция менен кыргыз улуттук көйнөктөрү менен университеттин кыздары жөө жүрүшкө катышты.