Агрардык жана техникалык факультетинин окутуучулары Латвия айыл-чарба университетинде
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык жана техникалык факультетинин алты окутуучусу Латвия айыл-чарба университетинде Эрасмус+ АгроДев долбоорунун алкагында кесиптик билимин жогорулатышты. Иш сапар учурунда, айыл-чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү багытында лекциялар, лабараториялык иштер жана мастер класстар өтүлдү. Жыйынтыгында ар бир мамлекеттин өкүлдөрү улуттук тамак-аштардын жазалуу технологиялары боюнча мастер класс көргөзүштү. НМУнун атынан «Ун азыктарын кайра иштетүү» предметине байланыштуу окутуучу Ажыбаева Айсалкын кыргыздын улуттук тамак- ашынын бири «Боорсок» жасоо технологиясын көрсөтүп берди. Ошондой эле Өзбекстандан келген делегаттар Латвия университетинин окутуучулары улуттук «Скландраусис» нанын жасашты.