Университеттин коомдук турмушу

Университетте окуу процесси окутуунун кредиттик технологиясы боюнча модулдук-рейтингдик система менен жүргүзүлөт. Интернетке туташылган 11 компьютердик класс, лингафондук кабинет, аудио-видео борбору жана чет тилдерин акысыз окутуучу 7 эл аралык борбор (орус, англис, кытай, түрк, араб, корей, немец тилдери) студенттерге кызмат көрсөтөт.

Нарын университетинде эл аралык байланыштар мыкты өнүккөн. Акыркы 5 жыл ичинде 74 студент, 46 окутуучу эл аралык проектилерге катышкан. 2016−2017-окуу жылы ичинде эле 17 студент, 15 окутуучу эл аралык программалар боюнча Европа, Америка, Кытай, Корея сыяктуу өлкөлөргө жарым жылдык жана бир жылдык стажировкага барып келишти.

Окуу жайдын алдында материалдык-техникалык базасы талапка жооп берген ири Илимий китепкана иштейт. Китепкананын фонду 100 миңден ашык нускадагы китеп, окуу китептери, 65 аталыштагы илимий журналдар менен камсыз болгон. Электрондук китепканадан окуу китептеринин электрондук версияларын, аудио-видео материалдарды табууга болот. Окуу корпустарында талапка ылайык лабораториялар, кабинеттер студенттер үчүн кызмат кылат. Учурда «Релелик коргоо», «Электр энергиясын камсыз кылуу», «Электр техникасы», «Суу менен камсыз кылуу», «Агрохимия жана топурак таануу», «Ветеринария» лабораториялары, тигүү цехи, «Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу борбору»; «Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу борбору» иштеп жатат.

2010-жылы май айында Европалык Бизнес Ассамблеянын чечими менен Нарын мамлекеттик университетине «Европалык сапат» эл аралык сыйлыгы ыйгарылган. 2011-жылы Нарын мамлекеттик университетине билим берүү системасын өнүктүрүүгө, республиканын ар кайсы тармактары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.