Илимий китепканадагы студенттер учун экскурсия

2017 — жылдын 3- 10-октябрына чейин НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында экскурсиялар уюштурулду. Аталган университеттин Педагогика, Агрардык-техникалык, Экономика, бизнес жана башкаруу, Филология факультеттеринин, Педагогикалык, Агрардык-экономикалык колледждердин 1-курсунун студенттери катышты. Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева экскурсиянын максаты менен тааныштырды. Ошондой эле китепкана тууралуу слайд кѳрсѳтүлүп, китеп фондусунун жайгашуусу, китепканадан пайдалануу жана систематикалык алфавиттик каталогдорду колдонуу эрежелери менен таанышты. Окуу залдарынан, абонементтен материалды пайдалануунун тартиби жѳнүндѳ толук маалымат алышты. Китепканадагы электрондук залдын ишмердүүлүгү тууралуу жана электрондук ресурстар боюнча кызматкерлер кеӊири тааныштырды.

Белгилей кетсек азыркы учурда китеп фонду 94 471 нуска китепти түзѳт. Китепканада билим жана маалымат алууда бардык шарттар түзүлгѳн.