Факультеттин деканы техника илимдеринин кандидаты, доцент
Молдалиев Эгемберди Дуйшекеевич
1. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Агрардык-техникалык факультет 1997-жылы 29-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54 буйругу менен түзүлгөн. Азыркы учурда «Электр чордондору», «Жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугу», «Экология жана жаратылышты пайдалануу» жана «Информатика жана эсептөө техникасы» багыттары боюнча студенттер күндүзгү жана сырттан окуу (дистанттык) окуу процесси жүргүзүлүүдө.
Агрардык-техникалык факультетте бүгүнкү күнү эки кафедра иш алып барууда:
-«Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасы;
— «Маалыматтык технологиялар» кафедрасы.
Бүгүнкү күндө факультетте 39 профессор-окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1 профессор, 12 илимдердин кандидаты, 6 ага окутуучу, 11 окутуучу, 2 окуу мастери, 1 инженер-программист.
2. ФАКУЛЬТЕТТЕГИ ОКУУ — МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕР
Факультетте адистиктер үчүн лабораториялар абдан чоӊ мааниге ээ, анткени техникадагы көп процесстерди эксперименттик изилдөөлөр аркылуу кана тереӊ түшүнүүгө болот. Практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүүгө атайын лабораториялар жасалгаланган: Релелик коргоо, Электр энергиясын өндүрүү, Электр машинелери жана аппараттары, Традициялык эмес энергия булактары, Изоляция жана ашык чыӊалуу, Электротехника, Ченөө жана информациялык техника, Энергетикалык электроника, Автомобилдердин конструкциясы, Механика, Жол кыймылын уюштуруу үчүн техникалык каражаттар, Жол кыймылынын эрежеси, Автомобиль жолдору, «Молекулярдык физика», «Оптика», «Механика», «Микробиология», «Сүттүн жана эттин биохимиясы», «Суу менен камсыз кылуу», «Агрохимия жана топурак таануу», 2 компьютердик класс, 3 проектор менен жабдылган конференц зал.
Факультеттеги өтүлүүчү сабактар боюнча окуу программалары (Силлабус), электрондук окуу методикалык комплекстер жана атайын колдонмолор иштелип чыккан жана окуу процессинде кеңири колдонууда. Факультет, заманбап компьютерелер менен жабдылган жана ИНТЕРНЕТ байланышы аркылуу дүйнөлүк аренага чыгууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Агрардык-техникалык кафедрасынын доценти Дюшекеев К.Д., физика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын окутуучулары Бекежанов М.М., Бейшеналиева У. заманбап окуу методикалык комплекстерди (Кыргыз тилинде видео- сабактар, атайын программалык жабдыктар) иштеп чыгып, окуу поцессинде кенири колдонууда.
Факультеттеги электроэнергетика багытындагы физика-математика илимдеринин кандидаты, КР ИА мүчө корреспонденти, доцент О. Абдылдаевдин эмгеги зор. Кыргыз тилинде О.Т. Абдылдаевдин төмөндөгү окуу китептерди окуу процессинде кенири колдонууда:
- Электротехниканын назарияттык негиздери. Электр тизмектери (1-бөлүк).
- Электротехниканын назарияттык негиздери. II-III-бөлүктөр.
- Жалпы электроника.
- Физика «Электромагнетизм».
- Физикалык электроника жана микроэлектроника.
- Электротехниканын теориялык негиздери (2-чи басылышы)
- Физика «Электромагнетизм» (2-чи басылышы).
- Физика-техника илимдери боюнча кыргызча-орусча атоолор сөздүгү
3. ФАКУЛЬТЕТТЕГИ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕР
2013-жылда агрардык-техникалык кафедрасынын доценти Шерматов С.М. үзүрлүү эмгеги, илимге кошкон салымы үчүн Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын профессор наамын алды.
Ал эми ушул эле кафедранын доценти Молдалиев Э.Д. илимий изилдөө иштин үстүндө талыкпас эмгкектенип, «Теоретические и прикладные аспекты обеспечения безопасности движения в горных условиях» атуу темадагы докторлук ишинин эксперименталдык бөлүгүн аткарып жатат.
Акыркы үч жылдын ичинде факультеттин төмөнкү 4 ага окутуучусу кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жакташты:
- ЖусуеваБ. «Орто мектепте окуучуларды сергек жашоого үйрөтүүнүн педагогикалык шарттары».
- Бугубаева В. «Негизги мектепте физикалык эксперименттерди компьютердик технологиянын негизинде жүргүзүү методикасы».
- Бекежанов М. «Окуучулардын математикалык окуу жетишкендиктерин компьютердик тесттин негизинде диагноздоонун илимий-методикалык негиздери».
- Оторова С. «Жогорку Нарын дарыясынын бассейинин суусунун экогеохимиялык абалы».
Кафедранын доценти Э.М.Байбагышов докторлук ишин төмөнкү темада жүргүзүүдө: «Мониторинг почв Внутренного Тянь-Шаня».
Ал эми Ашыров Э.Т., Бейшеналиева У.У., Чоробек к.А. кандидаттык диссертацияларын жактоонун алдында турушат.
4. ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР
Факультеттеги эл аралык байланыштар боюнча иштер жогорку денгээлде уюштуруулуда.
Азыркы учурда факультет Германиянын жогорку окуу жайлары менен алмашуу кызматы, Вайенштефан университети, LOGO (Сельское Хозяйство и Экологическое Равновесие с Восточной Европой), DEULA- Нинбург, Брауншвайгдагы Тюнен институтуСеверо-западный университет сельского и лесного хозяйства (Китай), Берлин Эркин университети, жана И. Раззаков атындагы техникалык университеттер менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Факультеттин окутуучулары Тюнинг, Ерасмус-Мундус проектилеринин алкагында иштөөдө. Физика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын доценти Ажыбаев Д.М. эл аралык проектинин алкагында Италияда 1-жылдык стажировкадан өтүп келди.
Акыркы жылдарда факультеттин төмөнкү окутуучулары чет мамлекеттерге барып келишти.
№ | Окутуучулар | Мамлекет | Мөөтөтү |
Чекирова Г. К. | Турция | 2013 | |
Шерматов С.М. | Германия, Австрия, Италия | 2013 | |
Байбагышов Э.М. | Германия, Англия, Австрия | 2013 | |
Бекежанов М.М. | Малайзия, Англия, Турция, Таджикистан, Казакстан | 2008−2014 | |
Ажыбаев Д.М. | Италия, Ирландия, Таджикистан | 2013 | |
Дюшекеев К.Д. | Турция, Италия | 2013 |
Экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча 2009−2010-окуу жылдарында V- курстун 9 студенти, IV-курстун 3 -студенти Германия мамлекетине 6 айлык практиканы ийгиликтүү өткөрүп келишти. Азыркы учурда факультеттин төмөнкү студенттери башка ЖОЖдо билим алып жатышат.
№ | Студенттер | Мамлекет | Мөөтөтү |
Темирбек кызы Айнура | Бишкек.И.Раззаков атындагы КМТУ | 2013 | |
Муратбекова Гулайым | Бишкек.И.Раззаков атындагы КМТУ | 2013 | |
Касмалиева Умут | Германия | 2013−2014 | |
Дайырбекова Айзада | Германия | 2013−2014 | |
Салмоорбекова Салтанат | Турция | 2014-ж.июнь-август | |
Сафаев Адилет | Турция | 2014-ж. июнь-июль | |
Толомушов Мустафа | Турция | 2014-ж. июнь-июль |
Факультеттеги эл аралык долбоорлор:
-Англия мамлекетинин Дарвин коому аркылуу «Кыргызстандын жогорку окуу жайлары -биологиялык ар тїрдїїлүктү сактоодо» деп аталган агрардык-техникалык факультеттин базасында «Билим» кичи коругу.
-Норвегиянын Табиятты коргоо коому менен «Кыргызстанга — к¿н энергиясы».
-Глобалдык экологиялык фонд аркылуу «Уч-Кара-Суу орнитологиялык аянтчасын уюштуруу».
5. ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР
Факультет төмөнкү иш берүүчү мекемелер менен тыгыз байланышта иш алып барат: Жол тейлөө иш каналары № 8, № 41, транспорттук автоинспекциясы, Нарын электр тармактар ишканасы, Нарын электр бөлүштүрүү компаниясы, Ат-Башы ГЭСи, Кыргызтелеком, банктар жана башкалар.
6. СТУДЕНТТИК ЖАШОО
Факультеттин студенттери жана октуучулары спорттук жана маданий массалык иш чараларга активдүү капышышыт. Спартакиада, уиверсиадаларда алдынкы орундарды камсыз кылышат. Студенттердин демилгеси менен факультетте жыл сайын шахмат, теннис, кол күрөш, футбол жана волейбол оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп турат.
Факультеттеги футбол боюнча курама командасы жыл сайын спартакиадаларда 1-орунду камсыз кылып келүүдө. Ал эми ЭП-11 группасынын студенти Бакытбек уулу Нур 2014-жылы республикалык универсиадада эркин күрөш боюнча 2-орунду ээлеген.
Ошондой эле факультеттин студенттери маданий-массалык (тамашоу, ыр-кесе, дебат, тегерек стол, долбоорлор менен иштөө) иштерге активдүү катышат.
Факультеттин алкагында «Энергетиктердин күнү», «Транспорт кызматкерлеринин күнү», «Экологдор күнү», «Информатика күнү» өткөрүлүп келүүдө. Тиешелүү адистиктерде окуп жаткан алдыңкы студенттерибиз Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун, «Умут» президенттик стипендиасынын, Нарын шаардык мэриясынын стипендиасы жана НМУнун «ГРАМОТАСЫ» менен сыйланышкан. Акыркы 2 жылда агрардык-техникалык факультеттин студенттери университеттин денгээлинде өткөрүлгөн СӨИ конкурсунда 1−2 орундарды камсыз кылышкан.
7. АЛДЫДАГЫ ИШКЕ АШЫРЫЛА ТУРГАН ИШ ЧАРАЛАР
Факультеттин келечеги Кыргызстандагы «Электр энергетикасы», «Экология жана айлана чөйрөнү коргоо», «Жол кыймылын уюштуруу», «Информатика жана эсептөө техникасы» багытындагы адистерди даярдоочу алдынкы окуу ордосуна жетишууну камсыз кылуу. 2014−2015-жылдары энергетика багытында магистратура ачылууда. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинин алкагында аймактык денгээлде билимдин‚ илимдин, техниканын жана маданияттын жетишкендиктерин жайылтуучу борборго айландыруу. Алдынкы компьютердик маалыматтык окуу борбору болууга жетишүүнү камсыз кылуу. Бирдиктүү башкаруунун негизинде студенттердин инновациялык чыгармачылыгынын өрчүүсүнө шарт түзүүчү борборго айланып‚ коомдун талаптарын канаттандыруучу кадрларды даярдоо.
Агрардык-техникалык факультети

Факультеттин деканы техника илимдеринин кандидаты, доцент
Молдалиев Эгемберди Дуйшекеевич
1. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Агрардык-техникалык факультет 1997-жылы 29-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54 буйругу менен түзүлгөн. Азыркы учурда «Электр чордондору», «Жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугу», «Экология жана жаратылышты пайдалануу» жана «Информатика жана эсептөө техникасы» багыттары боюнча студенттер күндүзгү жана сырттан окуу (дистанттык) окуу процесси жүргүзүлүүдө.
Агрардык-техникалык факультетте бүгүнкү күнү эки кафедра иш алып барууда:
-«Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасы;
— «Маалыматтык технологиялар» кафедрасы.
Бүгүнкү күндө факультетте 39 профессор-окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1 профессор, 12 илимдердин кандидаты, 6 ага окутуучу, 11 окутуучу, 2 окуу мастери, 1 инженер-программист.
Факультетте адистиктер үчүн лабораториялар абдан чоӊ мааниге ээ, анткени техникадагы көп процесстерди эксперименттик изилдөөлөр аркылуу кана тереӊ түшүнүүгө болот. Практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүүгө атайын лабораториялар жасалгаланган: Релелик коргоо, Электр энергиясын өндүрүү, Электр машинелери жана аппараттары, Традициялык эмес энергия булактары, Изоляция жана ашык чыӊалуу, Электротехника, Ченөө жана информациялык техника, Энергетикалык электроника, Автомобилдердин конструкциясы, Механика, Жол кыймылын уюштуруу үчүн техникалык каражаттар, Жол кыймылынын эрежеси, Автомобиль жолдору, «Молекулярдык физика», «Оптика», «Механика», «Микробиология», «Сүттүн жана эттин биохимиясы», «Суу менен камсыз кылуу», «Агрохимия жана топурак таануу», 2 компьютердик класс, 3 проектор менен жабдылган конференц зал.


Indoor & outdoor
Cras vulputate feugiat interdum. Cras mattis, augue id ves tibulum mollis, eros arcu cequat erat.
Corporate locations
Cras vulputate feugiat interdum. Cras mattis, augue isarcu erat, sit amet varius erat metus nisl.

Come meet us up close
Every one of our team members is devoted to delivering the finest possible designs.

Emma Louise
Interior Designer

john frieda
Co Founder

allen greene
Architect

david louis
Interior Designer
Trusted by the best






