Жумакан Тынымсеитова


2026-жылдын 21-майда Ж. Баласагын атындагы КУУнун С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында кыргыз элинин көрүнүктүү акыны жана драматургу Жумакан Тынымсеитованын жаркын элесине бай адабий мурасына арналган «Тандалма 1, Тандалма 2, Поэзия моя-Жар-Птица» аттуу китептеринин бет ачар аземине жана чыгармачылык эскерүү кечеси болуп өттү. Илимий китепкананын директору Кыдыралиева Г. А. иш чаранын максаты менен тааныштырды: жергиликтүү акын эжебизди даңазалоо менен студенттердин китеп окуу маданиятын калыптандыруу, мекенчилдикке тарбиялоо жана китеп окууну алга жылдыруу. Акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу даярдалган мазмундуу видео-слайд көрсөтүлдү.
Иш-чарага өзгөчө көрк берген маанилүү учур катары акындын кызы, И. Раззаков атындагы КМТУнун «Физика» кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору Султаналиева Рая Мамакеевна тарабынан даярдалган видео кайрылуусунда апасы Жумакан Тынымсеитованын чыгармачылык мурасы жана адабияттагы орду тууралуу терең сыймык жана ыраазычылык менен сөз кылды. Ошондой эле китеп жөнүндө баяндамаларды филология илимдеринин кандидаты Исакбаева З.Т. жана педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Эгимбаева Ж.Б. мазмундуу жасап, чыгармалардын көркөмдүк жана тарбиялык мааниси кеңири ачып беришти.
Окуу жайдын студенттери Бейшекеева А., Аликова М., Ырысбек к.С., Алтымышова Т., Жекшенова А., Жаныбек у. К. акындын китеби менен таанышып, жүрөктөрүнөн орун алган ырларын көркөм окуу түрүндө аткарышты. Акындын замандаштарынын эскерүүлөрүнө илимий китепкананын кызматкерлери токтолуп өттү. Бул кечеге катышкан коноктор Кадыралиева К., Тойгонбаева Н., Бексултанова Ж., Бектурова Р., жаш акын Кудайбергенова С. жана АТЭКтин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбеталиева Г. өз сөздөрүндө акындын чыгармачылыгынын айрым учурларын таасирленүү менен айтып беришти.
Жыйынтыгында Кыдыралиева Г. А. студенттерге окуу жайдын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды. Ал эми Султаналиева Рая Мамакеевна тарабынан да атайын сыйлыктар студенттерге ыйгарылды. Ошондой эле китепкананын фондусуна акындын 3 аталыштагы 16 нуска китеби белекке берилди.
Урматтуу Рая Мамакеевна!
Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз поэзиясына зор салым кошкон апаңыз, акын Жумакан Тынымсеитованын чыгармачылык мурасын аздектеп, элге жайылтуудагы эмгегиңиз абдан баалуу.
Апаңыздын жаркын элесин сактап, анын адабий дүйнөсүн кийинки муундарга жеткирүүдө анын аркасында өлбөс болуп поэзиясы калды.
