Мектеп окуучуларына кружок
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду тарабынан жарыяланган АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен «Ардуина платформасынын негизинде робототехника боюнча Нарын шаарынын мектеп окуучуларына кружок уюштуруу» аталыштагы долбоор жазылып, 1000 долларлык гранттык жабдуулар келген Бүгүнкү күндө аталган долбоордун алкагында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинде «Жаш техниктер» кружогу уюштурулуп, ага Нарын шаарынын № 9 А. Садыков атындагы орто мектебинин 8-класста окуган 15 окуучу, Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей 2-окуучу, № 8 А. Буйлаш уулу атындагы орто мектебинен 2-окуучу катышып, ардуина платформасынын негизинде робототехника боюнча бир нече проекттерди иштеп, программалоо тилине шыктанып окуп жатышат.