29 январь күнү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде өткөн “Илимий макала жазуу” аталышындагы тренинг жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн абдан пайдалуу болду. Тренингдин жүрүшүндө илимий макала жазуунун түзүлүшү, эл аралык талаптар, журнал тандоо, аннотация жана жыйынтык жазуу, академиялык стиль, плагиат маселелери боюнча кеңири жана практикалык маалыматтар берилди.
Иш-чарага активдүү катышкан: аспиранттарга,магистранттарга, К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжине, Маалыматтык технологиялар кафедрасына, Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасына чоң ыраазычылык билдиребиз!
Ошондой эле тренингдин жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошкон тренерлерге: Кыдыралиева Гулзат Алмамбетовнага, Мамырбаев Адилет Кылычбековичке өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!
Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Мындай иш-чаралардын дагы да үзгүлтүксүз өткөрүлүшү жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүп, макала жазып чыгарууга чоң жардам берет деп ишенебиз.
Илим жана инновация борборунун маалыматынан.