
Кадырлуу асылзат айымдар, энелер жана эже-сиңдилер!
Жаратылышка көрк берген жаз мезгили менен кошо келген
8-март майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз!
Аялзаты — аруулуктун, назиктиктин, мээримдин жана улуулуктун түбөлүк булагы. Сиздер дүйнөгө жылуулук тартуулап, жашоого көрк берип, үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, келечектин дем берүүчү күчү болуп келесиздер. Сиздердин ак ниетиңиздер, акылмандыгыңыздар, сабырдуулугуңуздар жана мээнетиңиздер ар дайым терең урматка татыктуу.
Окуу жайыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар, билим берүү тармагындагы эмгегиңиздер, жаш муунду тарбиялоодогу ордуңуздар өтө баалуу. Сиздердин ар бир ийгилигиңиздер, ар бир жылмайганыңыздар айлана-чөйрөгө жарык маанай, жаңы дем жана ишеним тартуулайт.
Бул жаз майрамы жүрөгүңүздөргө кубаныч, үйүңүздөргө бакыт, өмүрүңүздөргө береке алып келсин. Ар дайым жүзүңүздөрдөн нур, жашооңуздардан тынчтык жана жакшылык кетпесин. Бардык асыл тилек-максаттарыңыздар орундалып, ар бир күнүңүздөр сүйүүгө, урмат-сыйга жана шаттыкка бөлөнүп турсун.
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кесиптик чоң ийгиликтерди каалайбыз!
Жаз майрамыңыздар кут болсун!
8-март майрамыңыздар менен!