


EPU (Euroasia-Pacific Uninet) уюмунун колдоосу менен «TStour» долбоорунун алкагында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин долбоордук командасы 2026-жылдын 16−21-февраль күндөрү Австриянын Зальцбург университетинде өткөрүлгөн семинарга катышты.
Альпы тоолорунун этегинде — илим, идея жана өнөктөштүк!
Семинарда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары терең талкууланып, төмөнкү маанилүү чечимдер кабыл алынды:
1. Биргелешкен илимий макала даярдоо пландалды;
2. Жаңы эл аралык долбоордун концепциясын иштеп чыгуу;
3. Узак мөөнөттүү академиялык кызматташуу багыттары такталды.
Программанын алкагында команда туризм тармагындагы алдыңкы тажрыйбалар менен жакындан таанышып, төмөнкү мекемелер менен жолугушту:
1. Зальцбург туризм колледжи — кадрларды даярдоонун заманбап модели;
2. Зальцбургдун жергиликтүү туризм ассоциациясы — аймактык башкаруунун ийгиликтүү практикалары;
3. Статистика департаменти — туризмди маалыматка негиздеп өнүктүрүү ыкмалары.
Бул иш-сапар — туруктуу туризмди өнүктүрүүгө, изилдөө сапатын жогорулатууга жана НМУнун эл аралык деңгээлдеги ордун бекемдөөгө карай олуттуу кадам. TStour — бул жөн гана долбоор эмес, бул тоолуу аймактар үчүн туруктуу өнүгүүнүн жаңы модели.
Алдыда — жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы дем жана жаңы жетишкендиктер!
