D-TIDE-KG долбоорунун старттык жолугушуусу
D-TIDE-KG долбоорунун старттык жолугушуусу
2025-жылдын 15–16-январында Бишкек шаарындагы Эл аралык жогорку медицина мектебинде Erasmus+ CBHE программасынын алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргызстанда инклюзивдүү докторлук билим берүүнү санариптик трансформациялоо (D-TIDE-KG)» долбоорунун старттык жыйыны (Kick-off Meeting) болуп өттү.
Бул эл аралык долбоорго Нарын мамлекеттик университети өнөктөш жогорку окуу жай катары катышып, Кыргызстанда санариптик жана инклюзивдүү PhD билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга активдүү аралашууда.
Долбоордун негизги максаты — санариптик трансформациянын негизинде жеткиликтүү жана сапаттуу докторлук билим берүүнү киргизүү, виртуалдык PhD борборлорун түзүү, регионалдык университеттердин илимий потенциалын жогорулатуу жана академиялык кадрлардын компетенциясын өнүктүрүү болуп саналат.
Старттык жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер талкууланды:
• D-TIDE-KG долбоорунун стратегиялык максаттары жана күтүлгөн натыйжалары;
• өнөктөш уюмдардын милдеттери жана иш-пландары;
• тренерлерди даярдоо программалары жана виртуалдык PhD борборлорун түзүү;
• Кыргызстандагы PhD билим берүүнүн учурдагы абалы;
• долбоордук башкаруу, финансылык отчеттуулук жана сапатты камсыздоо механизмдери;
• коммуникация стратегиясы, натыйжаларды жайылтуу жана долбоордун туруктуулугу;
• өнөктөштүк келишимдерди даярдоо жана кол коюу маселелери.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемел Садыков, Erasmus+ Улуттук кеңсесинин координатору Гульнара Исаева, Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору профессор Сталбек Ахунбаев жана Европа менен Кыргызстандын өнөктөш университеттеринин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.
Долбоордун консорциумуна Вильнюс университети (Литва), Гамбург прикладдык илимдер университети (Германия), ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары — Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ысык-Көл мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети жана Европа документация борбору кирет.
Нарын мамлекеттик университети бул долбоордун алкагында санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана региондо PhD билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү багытында активдүү иштерди жүргүзөт.
D-TIDE-KG долбоору НМУнун эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана университеттин академиялык аброюн бекемдөөгө олуттуу салым кошмокчу.
