

Бүгүн Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында кыргыз таануучу, изилдөөчү Мусаев Кожош Сулайман уулунун «Алтын Төбөй: Улуу Кыргыз империясы» аттуу китебинин бет ачар аземи өткөрүлдү. Аталган иш-чара кыргыз элинин тарыхый эс тутумун жаңылоого, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана жаш муундун улуттук аң-сезимин бекемдөөгө багытталган маанилүү маданий-илимий иш-чаралардын бири болду.
Китепте кыргыз тарыхынын терең катмарлары камтылып, унутулуп бара жаткан тарыхый барактар жаңыча көз карашта талдоого алынган. Анда Улуу Кыргыз империясынын тарыхый орду, башкаруу системасы, маданий мурастары жана алардын бүгүнкү күндөгү мааниси кеңири чагылдырылган. Автордун бул эмгеги кыргыз элинин тарыхый өткөнүн таанып-билүүгө, улуттук мураска урмат-сый менен мамиле кылууга жана келечекке ишенимдүү көз караш калыптандырууга олуттуу өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө расмий коноктордун, окумуштуулардын, агартуучулардын жана коомдук ишмерлердин баяндамалары угулуп, студенттердин көркөм окуусу жана концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле иш-чаранын алкагында видеокуттуктоолор сунушталып, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине К. С. Мусаевдин атындагы стипендиялар ыйгарылды.
Мындан тышкары, аталган иш-чаранын модератору С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Чоробек кызы Айзат. Ошондой эле Педагогика факультетинин деканы Эсеналиева Гүлжамалга «Алтын Төбөй: Улуу Кыргыз империясы» аттуу китеп белекке тапшырылды.