

С.НААМАТОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ГИДРОПОНИКА ТЕХНОЛОГИЯСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨЗДӨШТҮРҮЛДҮ.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин, Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү багытынын ТСП-1−23 группасынын студенттери, окутуучусу Олжобаева Тинатин Муталиповнанын жетекчилиги алдында теория менен практика айкалышып, заманбап айыл чарбасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылууда!
«Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү» багытынын 3-курсунун студенттери окутуучусу менен окуу лабораториясында өсүмдүктөрдү (редис, руккола, амарант ж.б.) гидропоникада өстүрүп келишкен. Жана ошондой эле салат жалбырагын гидропоника ыкмасы менен өстүрүүнүн жогорку натыйжалуулугун далилдешти.
Гидропоникада өсүмдуктөрдү өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жыйынтыгы. Гидропоника -бул жөн гана өсүмдүк өстүрүү эмес, бул — так илим менен алдыңкы технологиянын айкалышы. Гидропониканын негизги өзгөчөлүгү жыл мезгилинин кайсыл учуру болбосун өстүрүүгө жана түшүм алууга болот. Гидропониканын негизги функциялары:
• Түз азыктануу: Өсүмдүк топурактан энергия коротпой, атайын азыктандыруучу эритмени түздөн-түз тамыры аркылуу алат.
• Жасалма жарыктандыруу: Атайын фито-лампалар күндүн нурун алмаштырып, фотосинтез процессин үзгүлтүксүз жөнгө салат.
• Туюк цикл: Сугаруу системасы толугу менен автоматташтырылган. Суу насос аркылуу айланып турат, бул экологияны сактоо менен бирге сууну 90%га чейин үнөмдөйт.
Бул практикалык сабактын натыйжасында студенттер болгону 21 күндүн ичинде биринчи түшүмдү алып, аны жапон волонтеру Наоко Шеда менен биргеликте жергиликтүү азыктарды кошуу менен (алма, чычырканак, айран, сабиз, киви, апельсин, банан) ден соолукка пайдалуу болгон витаминдүү смузи жасашты.
Практикадан — Илимге, Стартапка жана Дипломдук ишке!
Бул жөн гана практикалык тажрыйба бойдон калган жок. Бул чоң долбоордун башаты:
1. Илимий макала: Студенттер бул практикалык иштин негизинде өздөрүнүн алгачкы илимий макалаларын жазып чыгышты.
2. Дипломдук иш жана Стартап: Бул долбоор студенттердин келечектеги дипломдук иштерине илимий негиз болуп, реалдуу киреше алып келүүчү студенттик стартап катары бааланууда.
3. Үзгүлтүксүз өнүгүү: Бул багыттагы иштер токтоп калбастан, мындан ары да кеңейтилет. Өстүрүү технологиясын гана эмес, продукцияны кайра иштетүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу — биздин башкы максатыбыз!
Биздин студенттер — келечектин заманбап, креативдүү жана технологияны терең билген адистери! Студенттерибиздин илимий жана ишкердик кадамына ийгилик каалайбыз!
