

2025−2026-окуу жылында билим берүү сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү максатында Борбордук Азия университетинин Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директору Мария Гузикова менен биргеликте бир катар методикалык семинарлар өткөрүлдү.
Атап айтканда, төмөнкү темаларда семинарлар уюштурулду:
«Искусственный интеллект в образовании: вызовы и возможности» ;
«Качество образовательной программы: инструменты, данные, решения»;
«Стратегии активного обучения».
Семинарлардын жүрүшүндө билим берүү процессине заманбап технологияларды киргизүү, билим берүү программаларынын сапатын баалоо жана өркүндөтүү, ошондой эле активдүү окутуу стратегияларын колдонуу маселелери кеңири талкууланды. Катышуучулар практикалык мисалдардын негизинде тажрыйба алмашып, өз ишмердүүлүгүндө колдоно турган жаңы технологиялар, багыттар менен таанышышты.
Иш-чаралардын жыйынтыгында семинарлардын катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, мындай мазмундагы кызматташтык иш-чаралары буга чейин да өткөрүлүп келген. Мындан ары да билим берүү сапатын жогорулатууга карата иш-чаралар уюштурулмакчы.
