С. Нааматов атындагы НМУнун Агрардык-техникалык факультетинин «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын окутуучулары жана ТТП-17 тайпасынын студенттери жол кыймылын жакшыртуу максатында Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы Бишкек-Торугарт автожолу менен Совет көчөсүнүн кесилишинен өткөн унаалардын кыймылынын санын, түрүн аныктоонун үстүндө иштеп жатышат. НМУнун басма сөз кызматы
«Бир айыл, бир продукт»
17-февралда КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Алымкулов, JICA Эл аралык уюмунун «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун координатору Харагучи Акихиса менен С. Нааматов атындагы НМУнун ректору Т. Сияев НМУнун агрардык-техникалык факультетинин имаратында тамак-аш өндүрүү боюнча кичи окуу цехин ачуу боюнча Меморандумга кол коюшуп жаңы кызматташуу жолу ачылды. НМУнун басма сөз кызматы
ТАМАК-АШ БОЮНЧА ОКУУ ЦЕХИН УЮШТУРУУ МАКСАТЫНДАГЫ ҮЧ ТАРАПТУУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ
Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун, JICA эл аралык уюмунун «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун координатору Харагучи Акихиса мырзанын жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Таштанбек Сияевдин катышуусунда тамак-аш боюнча окуу цехин уюштуруу максатындагы үч тараптуу Меморандумга кол коюлду. Аймактын экономикасын өнүктүрүү, студенттердин, өндүрүшчүлөрдүн иш тажрыйбасын жогорулатуу, жаңы азыктарды сыноодон өткөрүү максатындагы иш багыттар үч […]
«Кесипке багыт берүү» тегерек столдо
11-февралда кызматташ уюмдардын «Кесипке багытоо боюнча аткарылган иштер жана 2020-жылга карата иш-пландарды аныктоо» темасында кезектеги отурум Нарын райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп өттү. Отурумга «Кесипке багыт берүү» долбоорунун пилоттук № 1 Токтогул атындагы, № 5 К. Жакыпов атындагы, № 7 М. Сыдыков атындагы, № 8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептери, С. Нааматов атындагы НМУнун Илим бөлүмү жана Карьера борбору, […]
АТФ маалыматы
«ÖkoFlussPlan» кызматташтык долбоорунун алкагында С. Нааматов атындагы НМУ менен Германиянын Ингольштадт техникалык университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, Ингольштадт техникалык университетинин илимий изилдөөчүсү, аспирант Кедар Мехта ЭС-17, 16 жана ЭП-17, 16 тайпаларынын студенттерине EnergePlus, Polysun программалары боюнча 2 күндүк сабак өттү жана Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасында 2 энергетика багытында, 1 экология багытында илимий изилдөө (дипломдук) иштердин темалары боюнча талкуу болду. АТФ маалыматы