Бакалавр 670 300 Транспорттук процесстердин технологиясы
Профили: «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугуу», «Унаадагы бажы иши», «Автомобиль жолдору жана аэродромдор », «Транспорттук логистика»
Окуунун формасы: күндүзгү 4 жыл, сырттан окуу 5 жыл (дистанттык технологияны колдонуу менен)
Окуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.
Жол жана транспорт өлкө экономикасынын күрөө тамыры!
Андыктан аталган адистиктер — өтө кызыктуу жана жоопкерчиликтүү багыттар. Ошондуктан квалификациялуу адистер бүгүнкү эмгек рыногунун талабы.
Эмне себептен аталган адистик боюнча адистер керек:
Республикабыздын бийик тоолуу шартында жүк ташуулардын 95 пайызы жана жүргүнчүлөрдүн 97 пайызы транспорт тармагынын негизги бөлүгүн түзгөн автомобиль транспорту менен жүзөгө ашырылат.
Автомобиль транспортунун натыйжалуу иштеши жол тармагын камтыган тиешелүү инфраструктура менен камсыз кылынат. Тактап айтканда,өлкөбүздүн баардык аймактарында автомобиль жолдору курулуп, реконструкцияланып жатат.
Автомобиль санынын өсүшү менен жол транспорт кырсыктарынын болуу ыктыярдуулугу өсөт. Республикабызда жол транспорт кырсыктарынын санынын өсүшү бул-коомубуздун социалдык көйгөйү. Ал эми аны болтурбоо жана алдын алуу иш чаралары транспорт тармагындагы эң жооптуу милдет.
Контрактык негизде окууга төлөм:
Күндүзгү окуу бөлүмү:
1-курс- 21 000 сом
2-курс- 23 100 сом
3-курс- 23 520 сом
4-курс- 24 150 сом
Сырттан окуу бөлүмү:
1-курс- 19 000сом
2-курс- 20 900сом
3-курс- 21 280 сом
4-курс- 21 850сом
5-курс- 21 850сом
Кошумча маалымат алуу:
Кафедра башчысы Оторова Сайрагүл Турсуновна
Телефон-777 084 537,701 084 537, saira-091@mail.ru
Казыбекова Б.А.
Мамбеталиева К.Ж.