Маргилан туризм жана маданий мурас техникуму (Өзбекстан Республикасы) ортосунда академиялык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

23-февраль С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Чет тилдер жана компьютердик системаларды программалоо колледжи менен Маргилан туризм жана маданий мурас техникуму (Өзбекстан Республикасы) ортосунда академиялык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн максаты — туризм, сервис жана IT тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы мезгилде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу программалары, мастер-класстар жана практикалык сабактар уюштурулуусу күтүлүүдө.

Келечекте эки тарап биргелешкен инновациялык долбоорлорду, санариптик билим берүү программаларын жана жаңы окутуу методдорун ишке ашырууну пландап жатышат.

Бул кызматташтык эки окуу жайдын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, университеттер аралык тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттер менен окутуучулардын кесиптик потенциалын кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Чет тилдер жана компьютердик системаларды программалоо колледжи — Эл аралык бөлүм.

#эл_аралык_болум#кызматташтык

  • Related Posts

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» форуму өткөрүлдү

    2026-жылдын 10-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасынын алкагында «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» аттуу форум уюштурулду. Форумга Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн…

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү 2026-жылдын 10-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку жана орто кесиптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, кесип тандоо багыттары…

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    You Missed

    Тазалык — тарбиянын башаты, биримдиктин белгиси.

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» форуму өткөрүлдү

    С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

    Урматтуу бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мектеп жамааты!

    Борбордук Азия университетинин Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директору Мария Гузикова менен биргеликте бир катар методикалык семинарлар өткөрүлдү.

    Встреча в Центре русского языка и культуры