Бүгүн, 10-февралда, Нарын шаарынын «Городок» аймагынан баштап Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтына чейин өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарынын алдын алуу, жол коопсуздугунун эрежелерин сактап жүрүүгө, жол кырсыктарына каршы жөө жүрүш өттү. Бул акцияны Нарын шаарынын жаштарынын демилгеси менен Нарын шаарынын мэриясы колдоп уюштуруп берди. Бул жөө жүрүштө Нарын шаарынын орто мектептеринин окуучулары, С. Нааматов атындагы НМУнун, Педколледждин, Медколледждин студенттери, ата-энелер жана башка жол кырсыктарына кайдыгер карабаган Демилгелүү жаштар тобу, жаштар уюмдары жигердүү катышышты.
НМУнун басма сөз кызматы
@Демилгелүү жаштар,
@демилгелүү жаштар нарын,
@usaidkg,
@idea_ca
#Демилгелүү жаштар,
#демилгелүү жаштар нарын,
#usaidkg,
#idea_ca