

Бүгүн «Жол эрежелери — баарынан мурда» аталышындагы конок лекция-доклад уюштурулду.
Иш-чарага Нарын ОИИБ ЖКККБнын башчысынын орун басары Урмамбетов Бакыт Жанышович жана Нарын ОИИБ ЖККБнын пресс-катчысы Өмүркожоев Майрамбек катышып, студенттер үчүн мазмундуу баяндама жасашты.
Аталган жолугушууга 1−4-курс аралыгындагы бардык багыттагы студенттер активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле жол кыймылынын уюштуруу адистиги боюнча бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн квалификациялык иштерге байланыштуу бир катар суроолор коюлуп, алар боюнча так, негиздүү жооптор жана пайдалуу сунуштар берилди.
Иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө өбөлгө түзүп, студенттердин активдүү катышуусун камсыздаган окутуучуларга ыраазычылык билдиребиз.