Trending News:Тазалык — тарбиянын башаты, биримдиктин белгиси.С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» форуму өткөрүлдүС. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдүУрматтуу бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мектеп жамааты!Борбордук Азия университетинин Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директору Мария Гузикова менен биргеликте бир катар методикалык семинарлар өткөрүлдү.Встреча в Центре русского языка и культурыКЫРГЫЗСКАЯ ГОСУДАРСТВЕННАЯ МЕДИЦИНСКАЯ АКАДЕМИЯМаргилан туризм жана маданий мурас техникуму (Өзбекстан Республикасы) ортосунда академиялык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.Erasmus+ долбоорлорунун координациялык жыйыны өткөрүлдүМаргилан туризм жана маданий мурас техникуму (Өзбекстан Республикасы) ортосунда академиялык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.Австриянын Зальцбург университетинде өткөрүлгөн семинар.«АГРО-ИННОВАЦИЯ»«Зимняя школа» в Санкт-ПетербургеКУУнун Нарын кампусунда SES менен практикалык окутуу ийгиликтүү өтүп, онлайн форматта уланууда.PROJECT NEWSLETTER10 февраля в Технопарке (г. Бишкек) состоялся финал национального хакатона DIGITAL4CLIMATE.KG.«Илимий макала жазуу» тренинги — пайдалуу тажрыйба жана баалуу билим!D-TIDE-KG долбоорунун старттык жолугушуусуЖаңылыктарЖаңылыктарЗаключительный семинар проекта DEFAТворческий конкурс и выставка рисунков и фотографий"Россия моими глазами"ETH Bishkek 2025 — первый Ethereum-хакатон в Кыргызстане
Чт. Мар 19th, 2026
Нарынский кампус Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

EPU (Euroasia-Pacific Uninet) уюмунун колдоосу менен «TStour» долбоорунун алкагында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин долбоордук командасы 2026-жылдын 16−21-февраль күндөрү Австриянын Зальцбург университетинде өткөрүлгөн семинарга катышты.
Альпы тоолорунун этегинде — илим, идея жана өнөктөштүк!
Семинарда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары терең талкууланып, төмөнкү маанилүү чечимдер кабыл алынды:
1. Биргелешкен илимий макала даярдоо пландалды;
2. Жаңы эл аралык долбоордун концепциясын иштеп чыгуу;
3. Узак мөөнөттүү академиялык кызматташуу багыттары такталды.
Программанын алкагында команда туризм тармагындагы алдыңкы тажрыйбалар менен жакындан таанышып, төмөнкү мекемелер менен жолугушту:
1. Зальцбург туризм колледжи — кадрларды даярдоонун заманбап модели;
2. Зальцбургдун жергиликтүү туризм ассоциациясы — аймактык башкаруунун ийгиликтүү практикалары;
3. Статистика департаменти — туризмди маалыматка негиздеп өнүктүрүү ыкмалары.
Бул иш-сапар — туруктуу туризмди өнүктүрүүгө, изилдөө сапатын жогорулатууга жана НМУнун эл аралык деңгээлдеги ордун бекемдөөгө карай олуттуу кадам. TStour — бул жөн гана долбоор эмес, бул тоолуу аймактар үчүн туруктуу өнүгүүнүн жаңы модели.
Алдыда — жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы дем жана жаңы жетишкендиктер!
С.НААМАТОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ГИДРОПОНИКА ТЕХНОЛОГИЯСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨЗДӨШТҮРҮЛДҮ.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин, Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү багытынын ТСП-1−23 группасынын студенттери, окутуучусу Олжобаева Тинатин Муталиповнанын жетекчилиги алдында теория менен практика айкалышып, заманбап айыл чарбасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылууда!
«Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү» багытынын 3-курсунун студенттери окутуучусу менен окуу лабораториясында өсүмдүктөрдү (редис, руккола, амарант ж.б.) гидропоникада өстүрүп келишкен. Жана ошондой эле салат жалбырагын гидропоника ыкмасы менен өстүрүүнүн жогорку натыйжалуулугун далилдешти.
Гидропоникада өсүмдуктөрдү өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жыйынтыгы. Гидропоника -бул жөн гана өсүмдүк өстүрүү эмес, бул — так илим менен алдыңкы технологиянын айкалышы. Гидропониканын негизги өзгөчөлүгү жыл мезгилинин кайсыл учуру болбосун өстүрүүгө жана түшүм алууга болот. Гидропониканын негизги функциялары:
• Түз азыктануу: Өсүмдүк топурактан энергия коротпой, атайын азыктандыруучу эритмени түздөн-түз тамыры аркылуу алат.
• Жасалма жарыктандыруу: Атайын фито-лампалар күндүн нурун алмаштырып, фотосинтез процессин үзгүлтүксүз жөнгө салат.
• Туюк цикл: Сугаруу системасы толугу менен автоматташтырылган. Суу насос аркылуу айланып турат, бул экологияны сактоо менен бирге сууну 90%га чейин үнөмдөйт.
Бул практикалык сабактын натыйжасында студенттер болгону 21 күндүн ичинде биринчи түшүмдү алып, аны жапон волонтеру Наоко Шеда менен биргеликте жергиликтүү азыктарды кошуу менен (алма, чычырканак, айран, сабиз, киви, апельсин, банан) ден соолукка пайдалуу болгон витаминдүү смузи жасашты.
Практикадан — Илимге, Стартапка жана Дипломдук ишке!
Бул жөн гана практикалык тажрыйба бойдон калган жок. Бул чоң долбоордун башаты:
1. Илимий макала: Студенттер бул практикалык иштин негизинде өздөрүнүн алгачкы илимий макалаларын жазып чыгышты.
2. Дипломдук иш жана Стартап: Бул долбоор студенттердин келечектеги дипломдук иштерине илимий негиз болуп, реалдуу киреше алып келүүчү студенттик стартап катары бааланууда.
3. Үзгүлтүксүз өнүгүү: Бул багыттагы иштер токтоп калбастан, мындан ары да кеңейтилет. Өстүрүү технологиясын гана эмес, продукцияны кайра иштетүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу — биздин башкы максатыбыз!
Биздин студенттер — келечектин заманбап, креативдүү жана технологияны терең билген адистери! Студенттерибиздин илимий жана ишкердик кадамына ийгилик каалайбыз!
Германиянын Ингольштадт Техникалык Университетинде долбоор боюнча жолугушуу
2025-жылдын 24-29-ноябрь күндөрү Германиянын Ингольштадт Техникалык Университетинде (www.thi.de) «RE.Act — Калыбына келүүчү энергия булактары: Борбордук Азиядагы жогорку билим үчүн суу жана энергетикалык ресурстардын туруктуу аракеттери боюнча өнөктөштүк» (https://nsu.kg/23590-2/) долбоорунун алкагында координатордук жолугушуу болду. Жолугушууга, НМУнун ректорунун милдетин аткаруучу К.О.Омурова жана RE.Act долбоорунун НМУдагы координатору Э.М.Байбагышов катышышты. Өнөктөштөр менен биргеликте 2025-жылда аткарылган иштердиy отчеттору берилди жана 2026-жылга карата иш-аракеттердин планы түзүлүп, аларды уюштуруу шарттары такталды. Ошондой эле, калыбына келүүчү энергия булактарын (күн батареяларды) айыл чарба жерлеринде колдонулушу боюнча талаа экскурсиясы уюштурулуп, ушундай мисалдарды келечекте Кыргызстанда жана Өзбекстанда жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
On November 24-29, 2025, a coordination meeting was held at the Technical University of Ingolstadt, Germany (www.thi.de) within the framework of the project «RE.Act — Renewable Energy Action: A Sustainable Water-Energy Nexus Partnership for Higher Education in Central Asia (https://nsu.kg/23590-2/). The meeting was attended by the Acting Rector of NSU K.O.Omurova and RE.Act project coordinator E.M.Baibagyshov. Together with partners, the reports of the activities carried out in 2025 were discussed and the activities planned for 2026 and the conditions for their implementation. In addition, field trips were organized to sites where renewable energy sources (solar panels) are used in agricultural fields. Possible ways of further scientific cooperation and dissemination of such experiments in Kyrgyzstan and Uzbekistan were discussed.
Борбордук Азия университетинин Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директору Мария Гузикова менен биргеликте бир катар методикалык семинарлар өткөрүлдү.