Аккредитациянын жүрүшүндө институттун билим берүү программалары тиешелүү стандарттардын негизинде бааланып, билим берүү программаларынын мазмуну, окутуунун натыйжаларын таануу, студентке багытталган окутуу, билим жетишкендиктерин баалоо, педагогикалык жана окуу-көмөкчү персоналдын ишмердүүлүгү, материалдык-маалыматтык ресурстар, ошондой эле илимий-методикалык жана изилдөө иштери боюнча талаптар каралды. Ошондой эле коммисия мүчөлөрү тарабынан бир нече институттун өнүгүшүнө сунуштар айтылды.
Баалоонун жыйынтыгында институттун жогорку жана орто кесиптик билим берүү багытындагы бир катар программалары белгиленген критерийлерге ылайык келет деп табылып, эксперттик комиссия тарабынан 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоого сунушталды.
Бул жетишкендик — институттун профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлеринин, студенттеринин жана жалпы жамаатынын билим сапатын жогорулатуу багытындагы үзгүлтүксүз эмгегинин натыйжасы.
Аккредитациядан ийгиликтүү өтүү институттун билим берүү системасындагы сапаттуу ишмердүүлүгүн, жоопкерчиликтүү мамилесин жана келечектеги өнүгүүгө болгон туруктуу багытын дагы бир жолу тастыктады.
Институттун жалпы жамаатын бул маанилүү ийгилик менен куттуктайбыз!
Бүгүн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү.