• 2019-жылы апрель айында «Саламаттыкты сактоодо информатика» багытында окуган студенттер Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына практикага барып, долбоордун алкагында алынган медициналык каражаттар менен таанышып келишти.
  • Ушул эле айда «Саламаттыкты сактоодогу информатика» багытында окуган кыздар «Маалыматтык технологиялар «кафедрасынын сунушу менен «Роза Отунбаева инициативасы менен уюшулган STEM долбоору» боюнча тренингге катышып келишти

14-май 2019-жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Ачык эшиктер күнүнө «Саламаттыкты сактоодогу информатика» багыты үчүн буклеттер, банер чыгарылды, жолугушууга келген окуучулардын жана ата-энелердин кызыгуусу жогору болду. Нарын облустук «Теңир-Тоо» газетасына KyrMedu долбоору жөнүндө, «Саламаттыкты сактоодогу информатика» багыты тууралуу, долбоордун НМУнун профессордук- окутуучулук курамына жана студенттерге болгон салымы, долбоордун негизинде келген материалдык-техникалык каражаттар тууралуу маалымат чыгарылды. АгаХан медициналык поликлинакасына, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына студенттер практикалык сабактарга барып, ультраизилдөө аппаратынын иштөө принциптери, медициналык каражаттардын жалпы түзүлүшү жөнүндө окушууда. Бул багытта Нарын облустук бириктирилген ооруканасы жана АгаХан поликлиникасы менен келишимдер түзүлгөн.

«Герман тилдери» кафедрасы уюштурган англис тили боюнча олимпиадада ИЗ-18 группасынын студенти Саматбекова Бегимай 1-орунду камсыз кылды.