КУЛАКТАНДЫРУУ

С. Нааматов атындагы НМУ төмөнкү бош кызмат орундарга сынак жарыялайт:

  1. Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы- 1 орун;
  2. Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси-1 орун.

Бөлүм башчылыкка талапкерге коюлуучу талаптар:

— жогорку билимдүү,

-кыргыз, орус жана англис (немис) тилинде жогорку денгээлде сүйлөп жана жаза билген,

-эл аралык уюмдарда жана мекемелерде 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, эл аралык долбоорлор менен иштеген тажрыйбасы бар,

-долбоор жазганды жана менеджменттин негиздерин билген.

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси кызматына талапкерге коюлуучу талаптар:

— жогорку билимдүү

— кыргыз, орус жана англис (немис) тилинде жогорку денгээлде сүйлөп жана жаза билген,

— чет өлкөлүк окуу, практика, стажировка боюнча рограммаларды билүүсү, алар менен кызматташуу боюнча иш тажрыйбасы бар,

-долбоор жазганды билген.

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

-жеке арыз

-кадрларды каттоо жөнүндө барак, сүрөт 3х4

-паспорт же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү

Кесиптик билим, иш тажрыйбасы жана сапаттарын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтин көчүрмөлөрү, нотариус же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн)

-мурунку жумуш ордунан, иштеген эл аралык уюмдардан алган сунуштама

-сот жообуна тартылбагандыгын тастыктаган маалым кат

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт. Сынака катышуу үчүн талап кылынган документтер 2020-жылдын 14-декабрына чейин төмөнкү даректе кабыл алынат: Нарын шаары, С. Орозбак көчөсү 25, кабинет № 210, тел: 5−18−42

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский