Нарын мамлекеттик университети

Сатыбалды Нааматов атындагы

Жаңылыктар

Германиянын Ингольштадт Техникалык Университетинде долбоор боюнча жолугушуу

2025-жылдын 24−29-ноябрь күндөрү Германиянын Ингольштадт Техникалык Университетинде (www.thi.de) «RE.Act — Калыбына келүүчү энергия булактары: Борбордук Азиядагы жогорку билим үчүн суу жана энергетикалык ресурстардын туруктуу аракеттери боюнча өнөктөштүк» (http://nsu.kg/23 590−2/) долбоорунун алкагында координатордук жолугушуу болду.

Жолугушууга, НМУнун ректорунун милдетин аткаруучу К.О.Омурова жана RE. Act долбоорунун НМУдагы координатору Э.М.Байбагышов катышышты.

Өнөктөштөр менен биргеликте 2025-жылда аткарылган иштердиy отчеттору берилди жана 2026-жылга карата иш-аракеттердин планы түзүлүп, аларды уюштуруу шарттары такталды.

Ошондой эле, калыбына келүүчү энергия булактарын (күн батареяларды) айыл чарба жерлеринде колдонулушу боюнча талаа экскурсиясы уюштурулуп, ушундай мисалдарды келечекте Кыргызстанда жана Өзбекстанда жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

On November 24−29, 2025, a coordination meeting was held at the Technical University of Ingolstadt, Germany (www.thi.de) within the framework of the project «RE.Act — Renewable Energy Action: A Sustainable Water-Energy Nexus Partnership for Higher Education in Central Asia (http://nsu.kg/23 590−2/).

The meeting was attended by the Acting Rector of NSU K.O.Omurova and RE. Act project coordinator E.M.Baibagyshov.

Together with partners, the reports of the activities carried out in 2025 were discussed and the activities planned for 2026 and the conditions for their implementation.

In addition, field trips were organized to sites where renewable energy sources (solar panels) are used in agricultural fields. Possible ways of further scientific cooperation and dissemination of such experiments in Kyrgyzstan and Uzbekistan were discussed.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!