• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

Меморандумга кол коюлду

2023-жылдын 10−11-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Байбагышов Эрмек Муратканович эки олуттуу уюм менен университеттин Инновациялык агро борбору менен бирге иш алып баруу боюнча меморандумга кол койду. Биринчи кызматташуу меморандуму Экологиялык продуктыларды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Асаналиев Турусбек Үсенбекович менен түзүлүп, келечекте бирге иштешүү үчүн пландар талкууланды. Экинчи меморандум Абдырайым уулу Шабдан жетектеген санариптик өнүктүрүү жана креативдик экономика башкармалыгы менен […]

«Акыл-Ордо» таймашы

Бүгүн, 4-апрелде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агрардык- техникалык факультетинде информатиктер күнүнө карата маалыматтык технологиялар кафедрасы тарабынан уюштурулган «Акыл-Ордо» таймашы болуп өттү. Таймашка НМУнун бардык факультеттеринин жана колледждеринин студенттери катышышты. Таймаштын максаты студенттерди тереӊ билим алууга, атаандаштыкка, өз ара достукту бекемдөөгө багыттоо болуп саналат. Аталган таймаш жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында агрардык-техникалык факультеттин студенттеринен куралган «Барчын» командасы 1-орунду, филология факультетинин […]

«Студенттердин инновациялык технологиялык идеяларын өнүктүрүү (университет 4.0 моделинин алкагында)» аттуу III студенттик илимий-практикалык конференция.

2023-жылдын 4-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин чет тилдери кафедрасы тарабынан, жаш окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты Салмакеева Назгүлдүн жаркын элесине арналган «Студенттердин инновациялык технологиялык идеяларын өнүктүрүү (университет 4.0 моделинин алкагында)» аттуу III студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган конференцияга Борбордук Азия университетинин социалдык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын жетекчиси Станислав Загороднев жана компьютердик илимдер кафедрасынын доценти Дмитрий Зубов студенттери […]

Адистиктердин өндүрүштүк, кесиптик жана базалык практикаларынын отчет берүү конференциясы.

24- мартта Филология факультетинин 2022−2023-окуу жылынын планына ылайык бардык адистиктеринин өндүрүштүк, кесиптик жана базалык практикаларынын отчет берүү конференциясы болуп өттү. Иш чарага мектертерден, Нарын облустук Медиа борборунан практиканттардын жетекчилери келишип студенттердин ишмердүүлүктөрү жана адистиктерине карата көндүмдөрү жөнүндө токтолуп, сунуштарды жана каалоолорун билдиришти. Конференция өз максатына жетти.

Ноорузга карата көргөзмө

Нооруз майрамына карата педагогика факультетинин көркөм билим берүү адистигинин окутуучулары КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Жолдошбек Мамбеталиевдин, Мирбек Бакировдун жана студенттеринин эмгектеринен Нарын шаарынын борбордук аянтына көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдө Нарын шаарын, кыргыз жеринин жаратылышын, улуттук колориттеги оймо-чиймелерин чагылдырган сүрөттөр, экспонаттар жана макеттер коюлду.

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!