
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 12-декабрь дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган «Чыңгыз салган чыйыр жол» аттуу маданий-адабий иш-чара уюштурду. Иш-чара Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып, жазуучунун дүйнө таанымындагы терең ойлорун көркөм аткаруу аркылуу көрсөтүштү. Маданий иш-чара Улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын даңазалоого, ошондой эле адамзаттык баалуулуктарга үндөгөн идеяларын студенттик чөйрөдө жайылтууга багытталды. Иш-чараны уюштурууга активдүү катышкан окутуучулар жана студенттер Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги тарабынан ардак грамота жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
