


11-декабрьЭкономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган «Айтматов — дүйнөлүк залкар, кыргыздын кайталангыс мурасы» аттуу иш-чара өттү.1−4-курс студенттери улуу жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырылган сценкаларды коюп, Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу терең билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.Иш-чаранын максаты — жаштардын адабиятка болгон кызыгуусун жогорулатуу жана Айтматовдун мурасын терең таанытуу.
