Тазалык — тарбиянын башаты, биримдиктин белгиси.

Таза айлана — таза ойдун жана жаркын келечектин күзгүсү.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде ишембилик уюштурулуп, окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышышты. Бул иш-чаранын негизги максаты — университеттин айланасын тазалоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу жана жамааттын биримдигин бекемдөө болду.

Ишембилик алкагында университеттин жамааты белгиленген аймактарга бөлүнүп, тазалык иштерин жүргүзүштү.

Ак-Коргон корпусунун аймагында китепкана, ЦПК, АТФ, педагогикалык жана экономика факультеттеринин окутуучулары эмгектеништи. НАЭК колледжинин жамааты колледждин айланасын тазалашты. Педагогикалык колледждин окутуучулары жана студенттери да өз аймагында тазалык иштерин жүргүзүштү. Башкы корпустун айланасында административдик-башкаруу персоналы иш алып барышты.

Ошондой эле Соң-Көл аймагында филология факультетинин окутуучулары жана студенттери тазалык иштерине катышса, Алма-Бак паркында агрардык-технология факультети, педагогикалык жана экономика факультеттеринин өкүлдөрү, НАЭК жана IT колледжинин кураторлору студенттери менен биргеликте аймакты тазалап, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүштү.

Мындай иш-чаралар университет жамаатынын ынтымагын арттырып гана тим болбостон, жаш муундарды тазалыкка, жоопкерчиликке жана жаратылышка кам көрүүгө тарбиялайт.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо — ар бирибиздин жарандык милдетибиз экенин баса белгилеп, мындай пайдалуу демилгелерди мындан ары да улантат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *