

КУУнун Нарын кампусунда SES менен практикалык окутуу ийгиликтүү өтүп, онлайн форматта уланууда.
КУУнун Нарын кампусунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү максатында эл аралык кызматташтык алкагында окуу-практикалык иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара *Senior Expert Service (SES)* уюмунун колдоосу менен уюштурулуп, Германиядан келген тажрыйбалуу эксперт студенттер менен түздөн-түз иш алып барды.
2025-жылдын 16-сентябрынан 4-октябрына чейин сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча эксперт *Hans-Reiner Wechs* (Ханс-Райнер Векс) Нарын кампусунда болуп, теория менен практиканы айкалыштырган сабактарды өткөрдү. Сабактарга 610 600 — Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү адистигинин студенттери активдүү катышышты.
Студенттер сүт азыктарын кайра иштетүү, ар түрдүү продукцияларды даярдоо жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Бул иш-чара алардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана реалдуу өндүрүш процесстерине жакын тажрыйба топтоосуна өбөлгө түздү.
Учурда эксперт менен онлайн форматтагы сабактар улантылып, студенттер үчүн эл аралык деңгээлдеги билим жана практикалык тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү сакталууда.
Бул демилге КУУнун Нарын кампусунун эл аралык кызматташтык багытындагы стратегиялык максаттарын ишке ашырууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
SES эксперти Ханс-Райнер Векс сүт жана сүт азыктарын өндүрүү тармагындагы жогорку квалификациялуу адис болуп саналат. Ал көп жылдар бою сүт заводдорунда жана ишканаларында жетекчилик кызматтарды аркалап, өндүрүштү башкаруу, технологиялык өнүктүрүү жана сапатты камсыздоо багытында бай тажрыйба топтогон.
*Эл аралык бөлүм*
