- Директор — Белекова Асел Нуралиевна
- Башкы адис — Мамырбаев Адилет Кылычбекович
- Адис — Токтосунова Назгул Турдалиевна
- Адис — Тыныбекова альбина Тыныбековна
Борбордун стратегиялык максаты
- Университеттин илимий изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн туруктуу экосистемасын калыптандыруу, илим, билим берүү жана өндүрүштү интеграциялоону камсыз кылуу, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын коммерциялаштыруу жана университеттин улуттук жана эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Негизги максаттар
- Университеттин илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү.
- Инновациялык жана стартап ишмердүүлүгүн колдоо.
- Жарыялоо жана гранттык активдүүлүктү жогорулатуу.
- Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын коммерциялаштыруу.
- Эл аралык илимий мейкиндикке интеграциялануу.
- Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
Негизги милдеттер:
- Илимий ишмердүүлүктү уюштуруу чөйрөсүндө
- Университеттин илимий саясатын иштеп чыгуу жана координациялоо.
- Изилдөөлөрдүн тематикалык артыкчылыктуу багыфттарын аныктоо.
- Ички гранттар боюнча конкурстарды уюштуруу.
- Илимий-изилдөө иштери (ИИИ) жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин (ТКИ) аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
- Илимий долбоорлор жана жарыялар боюнча маалымат базасын жүргүзүү.
- Гранттык жана долбоордук ишмердүүлүк чөйрөсүндө
- Улуттук жана эл аралык конкурстарды издөө жана алар жөнүндө маалымат берүү.
- Долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоодо методикалык колдоо көрсөтүү (Erasmus+, Horizon, GIZ, USAID ж.б.).
- Бюджет түзүү жана долбоорлорду башкаруу боюнча консультация берүү.
- Долбоорлорду ишке ашыруу жана отчет берүү баскычтарында коштоо.
- Инновациялар жана стартаптар чөйрөсүндө
- Студенттердин жана окутуучулардын стартап-долбоорлорун түзүү жана коштоо.
- Акселерациялык программаларды жана хакатондорду өткөрүү.
- Бизнес жана өндүрүштүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү.
- Кичи инновациялык ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүү.
- Коммерциялаштыруу жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө
- Интеллектуалдык менчик объекттерин каттоо (патенттер, автордук укуктар).
- Иштеп чыгуулардын коммерциялык потенциалын баалоо.
- Лицензиялык келишимдерди даярдоо.
Инвесторлорду жана өнөктөштөрдү издөө.
- Конференцияларды, форумдарды жана илимий мектептерди уюштуруу.
- Жарыялоо активдүүлүгүн жогорулатуу (Scopus, Web of Science).
- Академиялык жазуу жана антиплагиат боюнча окутууларды өткөрүү.
- Илимий жыйынтыктарды медиа мейкиндигинде жайылтуу.
- Кадрларды даярдоо чөйрөсүндө
- Аспирантура жана докторантура (PhD) программаларын методикалык коштоо.
- Жеке изилдөө пландарынын аткарылышын контролдоо.
- Таҗрыйба алмашууларды жана илимий мобилдүүлүктү уюштуруу.
Кошумча функциялар (кеңейтилген модельде)
- Илимий натыйжалуулукту талдоо (KPI, түзүмдөрдүн рейтинги).
- Илимий өнүгүүнүн жол карталарын иштеп чыгуу.
- Университеттик изилдөөлөрдү колдоо фондун түзүү.
- Илимди башкаруунун санариптик системаларын киргизүү.
Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (мисал катары)
- Тартылган гранттардын саны.
- Илимий-изилдөө иштерин каржылоонун көлөмү.
- Эл аралык маалымат базаларындагы жарыялардын саны.
- Катталган патенттердин саны.
- Коммерциялаштырылган долбоорлордун саны.
Студенттердин изилдөөлөргө тартылуу деңгээли
Аспирантура
- Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2002-жылдын 11-февралындагы № 51/1 буйругу менен Нарын мамлекеттик университетинде төмөнкү багыттар боюнча аспирантура ачылган:
- Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 1245/1-буйругунун негизинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде төмөнкү адистиктер боюнча докторантура ачылган:
- 2023-жылы 15 илимий багыт боюнча аспирантурага жана 4 багыт боюнча PhD докторантурага Лицензия алынды.
- Азыркы учурда 19 аспирант окууда
Долбоорлор:
Академиялык инновациялык фонд (АИФ):
«Ат-Башы дарыясынын суу бассейнин түзгөн мөңгүлөрдүн ГИС картасын иштеп чыгуу жана анын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдөгү ролу»
Санариптик индустрия шартында 3D моделдее жана ачык булактуу аппараттык жанапрограммалык камсыздоо платформасында робототехниканын негизинде (Arduino, Raspberry Pi) окуу-практикалык моделдерди иштеп чыгуу жана апробациялоо.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын илимий-педагогикалык курамынын илимий-изилдөө потенциалын изилдөө;
Педагогикалыкжанапсихологиялыкдисциплиналарды 12 жылдык билим беруунун талаптарына ылайыктоо: болочок мугалимдин компетенцияларын калыптандырууга инновациялык методикаларды иштеп чыгуу
Долбоорлор:
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда айыл чарбасында суу ресурстарын башкаруунун интеллектуалдык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- Климаттын өзгөрүшү шартында башталгыч класстардын окуучуларында экологиялык аң-сезимди жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу;
- Нарын шаарынын билим берүү мекемелеринде жана медициналык уюмдарында энергоаудит жүргүзүү: энергия натыйжалуулугуна жана туруктуу өнүгүүгө карай жол
