С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 841-т тескемесине ылайык, 2026-жылга карата мамлекеттик тапшырыктын алкагында Нарын облусу боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү үчүн тренерлерге
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Окутуучунун/тренердин квалификациясына коюлган тандоо критерийлери:
билим деңгээли, илимий даражасынын же илимий наамынын болушу, тажрыйбалуу окутуучулар;
билиминин тандаган курстун багытына жана тематикаларына дал келиши;
мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген тажрыйбасынын болушу;
окутуучулук/машыктыруучулук ишмердүүлүктө 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
илимий-усулдук иштелмелеринин, илимий басылмаларынын жана башка эмгектеринин болушу;
тандоо критерийлерине жооп берген Университеттин штаттык окутуучуларына артыкчылык берилет.
Конкурска катышуу боюнча документтер:
Окутуучунун/тренердин тандаган курстун аталышын көрсөтүү менен конкурска катышуу жөнүндө арызы (эркин формада);
резюмеси (анда тренинг/курстарды өткөрүү тажрыйбасы, иштеп чыккан окуу-усулдук колдонмолору, илимий басылмалары жана башка тастыктоочу маалыматтар көрсөтүлөт);
тиешелүү билиминин жана илимий даражасынын бар экенин тастыктаган документтер;
тандап алган курстардын/темалардын багыты боюнча сертификаттары.
Эскертүү: Конкурстун жыйынтыгында тандалган тренерлер окуу өткөрүү үчүн мыйзам талаптарына ылайык Мамлекеттик салык кызматына жеке ишкер (ИП) катары катталышы зарыл. Катталууда ишмердүүлүк багыты катары 85.59.0 — «Башка топторго кирбеген билим берүү иштери» көрсөтүлүшү керек.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык келишим түзүлөт.
Кошумча маалымат: курстар С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда жана университеттин тийиштүү аймактык окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө өткөрүлөт.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 10-декабрына чейин
Документтер тапшырылуучу дарек жана байланыш:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун аймактык жогорку окуу жайларында окутуу бөлүмүнүн башкы адиси Нуралиева Назгүл Молдалиевна +996 707 857 482 (WhatsApp)
