Нарынский кампус Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Кафедранын окуу-методикалык иштери

Кафедрада практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүүгө атайын лабораториялар жасалгаланган: профессор, э.и.д. Мукаш Исраилов атындагы «Окуу- методикалык кабинет» жана «Бухгалтердик эсеп», 1С бухгалтерия лабораториясы, финансы жана кредит кабинети, Туризм борбору, 1 компьютердик класс, 3 проектор менен жабдылган аудиториялар.

Кафедрада өтүлүүчү сабактар боюнча окуу программалары (силлабус), электрондук окуу-методикалык комплекстер жана атайын колдонмолор иштелип чыккан жана окуу процессинде кеңири колдонууда. Кафедра заманбап компьютерлер менен жабдылган жана ИНТЕРНЕТ байланышы аркылуу дүйнөлүк аренага чыгууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

2025−2026- окуу жылынын жарым жылдыгы

Дисциплина

Аталышы

Саны

Экономика местного самоуправления

«Өнүктүрүү стратегиясын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын практикасында ишке киргизүү»

100

Управленческая экономика

«Управление изменениями»

100

Окутуучулук-профессордук курамдын мүчөлөрү окутуп жаткан предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди, типтүү жана жумушчу жумушчу программаларды иштеп чыгышкан.

Студенттердин дипломдук, магистранттардын диссертациялык иштеринин темалары иштелип чыккан. Предметтер боюнча лекциялардын электрондук варианттары, электрондук окуу куралдары даярдалып жатат.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Нарын кампусу

722919, Кыргыз Республикасы, Нарын ш., Сагынбай Орозбаков көчөсү №25