
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу жарыя чыккан күндөн 2020-жылдын 11-ноябрында саат 17.00 чейин жүргүзүлөт.
Университеттин жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат.
- ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;
- мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);
- талапкердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар;
- " Билим берүү жөнүндө" Кыргыз республикасынын 38-беренесине ылайык мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкерге коюлучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.
Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Нарын шаары, С. Орозбак көчөсу, № 25, № 210 кабинет. Байланыш телефондору: 0(3522) 5−18−42, 0(701) 482 679.
Уюштуруу комитети