30/04/2021
30/04/2021
30-апрелде Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында «Мендеги жакшы сапаттар учун мен китепке милдеттуумун» атту адабий кече болуп отту. Алгач Саалаевдин окуу залынын жана электрондук залдын ачылыш аземи болуп, ленталар кесилди НМУнун ректору Э. Байбагышов кечени ачып, анын максаты менен тааныштырды.
Кеченин коноктору:
Ж.Саалаев, акын, журналист, юрист, Койчуман Казакович Момункулов, КР Китеп палатасынын директору;
Кыялбек Урманбетов, кыргыз эл акыны;
Гүлжамила Шакирова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
Бурулкан Сарыгулова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Тынара Абдыразаева, КР эл артисти катышышты.
Ж.Саалаевдин «Манас дух» китебинин бет ачары болду. Китеп тууралуу автор кенен маалымат берди. Ж. Саалаевдин, К. Урманбетованын, Г. Шакированын чыгармаларынан педагогика факультетинин студенттери корком окуп беришип, озгочо таасир алышты. Ошондой эле Ага хандын онуктуруу программасы аркылуу китепкана заманбап технологиялар жана экономика тармагындагы китептер менен камсыз болгону студенттердин билим алуусуна чон оболго экени баса белгиленди. Ж. Саалаевге «Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Борбордук Азия университетине ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой кечеге катышкан Ала Тоо университетинин китепкана окулдору, Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасынын директору А. Байгабатова куттуктоо соз айтып, алып келген китеп белектерин тапшырышты. Илимий китепкананын фондусун акындар алып келген китептер толуктады. Жыйынтыгында активдуу, позитвдуу окурман окутуучу, студенттерге грамоталар, белектер тапшырылды. Буд иш чара китеп адам баласынын алмашкыс байлыгы экенин тастыкдады.



23/04/2021
23/04/2021
Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү
«Тааныткан тегиз ааламды, китепсиз дуйно карангы». Китеп байлыктардын байлыгы. Ошол байлыкты сактап, топтоп, жайылтууну китепкана ишке ашыруууда. Китеп акылга, ыймандуулукка, адептуулукко үндөйт. Буткул дүйнөлүк китеп күнүнө карата НМУ нун Ж. Саалаев атындагы китепканасында педагогикалык, медициналык, агрардык- экономикалык колледждердин студенттери китеп кунун белгилешти. Алар учун семинар тренинг уюштурулду. Тренер НМУнун филология факультетинин студенти Н. Кубанычбекова жана китепкана кызматкерлери студенттер учун жагымдуу маанай түзүп, китептин мааниси, баалуулугу тууралуу кызыктуу ангемелешишти. Катышуучулар топтордо иштеп, бир жылда окуй турган китептердин жадыбалын түзүштү. Китепкананын алдындагы «Дилгир окурман» клубунун мүчөлөрү тарабынан «Китепкой окутуучу» конкурсу мугалимдер арасында жарыяланды. Тренинг белектер, концерттик номерлер менен коштолду. Активдуу окурмандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.



07/03/2021
07/03/2021
НМУга Кыргыз эл акыны Кожогелди КУЛТЕГИНДИН китептери тапшырылды.
Ар бир өлкөнүн атак даңкын дүйнө элине таанытууда акындардын салымы зор.
Бүгун, 2021-жылдын 7-март күнү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде дагы бир жакшы саамалык болду.
НМУнун Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепканасынын китеп фонду Кыргыз элинин сыймыгы болгон акындын баа жеткис китептери менен толукталды. Атап айтсак, Кыргыз эл акыны, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Түрксой эл аралык уюмунун Алтын медалынын ээси Кожогелди Култегин өзүнүн чыгармалар жыйнагынын беш томдугун НМУга белек кылды.
Бул жолугушуу НМУнун илимий китепканасында уюштурулду. Бул саамалыкка китепкананын аты ыйгарылган Ж.И.Саалаев да катышты. НМУнун ректору Э.М.Байбагышов меймандарды кабыл алып, жетекчиликтин, профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин атынан ыраазчылык билдирип, — бул китептер өз окурмандарын табат, — деп баса белгиледи.



04/03/2021
04/03/2021
Айымдардын эл аралык күнүнө карата НМУда Агрардык — экономикалык колледж тарабынан уюштурулган «Университеттин универсал айымдары» аттуу майрамдык конкурс өткөрүлдү. Катышкан 8 команданын ичинен Илимий китепкана жана Мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан турган айымдардын командасы байгелүү экинчи орунду ээледи. Жеңишиңиздер менен! Окуу жайдын баардык айымдарын китепкананын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин.


03/03/2021
03/03/2021
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Жедигер Саалаев атындагы Илимий китепканасынын китеп фондусу эң бир баалуу кенч болгон табылгыс китептер менен толукталды. Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюму «Тоолуу университеттердин өнөктөштүгү» программасынын алкагында 2021-жылдын 3-мартында басымдуу бөлүгүн экономика тармагы боюнча кийинки жылдарда гана басмадан чыккан жаңы окуу китептери, окуу-усулдук эмгектер түзгөн абдан баалуу басылмалардын топтомун кайтарымсыз түрдө тартуулады. Бардыгы болуп китепканага 66 аталыштагы 310 нуска китеп келди. Алардын жалпы наркы 570 440 сомду түзөт. Көпчүлүгү экономиканын, менеджменттин, маркетингдин маанилүү көйгөйлөрү боюнча учур үчүн актуалдуу изилдөөлөргө негизделген бул окуу китептеринин дээрлик бардыгы 2019−2020−2021-жылдарда басылып чыккан. Башкача айтканда, бул эмгектер илимдеги эң жаңы маалыматтарды камтышат. Алар окуу жайдын жалпы эмгек жамааты жана студенттери үчүн баа жеткис белек болуп калды. Китепкананын текчелеринен орун алган бул окуу-усулдук адабияттар азыр өз окурмандарын күтүп жатат. Буларды окуп-үйрөнүү, окуу процессинде пайдалануу тоолуу аймактагы университеттин окутуучулары менен студенттеринин билим деңгээлинин жогорулоосуна абдан зор таасир кылат.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги, жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана студенттик жамааты Ага Хандын Өнүктүрүү уюмунун өкүлү Мародасеинов Алиёр мырзага окуу-усулдук адабияттар менен камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле мындан ары да билим берүү, илим изилдөө жаатындагы, андан сырткары социалдык өнөктөштүк боюнча өз ара пайдалуу кызматташтык үзгүлтүксүз улана берерине ишендирет.



22/02/2021
22/02/2021
22.02.2021 — жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттеринин демилгеси менен «Китеп биздин доордун күзгүсү» аттуу долбоордун алкагында иш чара өткөрүлдү. Кечеде студенттер тарабынан китептин баалуулугу тууралуу маалыматтар берилди, викториналык суроолорго студенттер активдүү жооп беришти. Факультеттин деканы Э. Бектурова, кафедра башчысы Ш. Султаналиева, Ж. Саалаев атындагы Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева, окутуучу М. Бакиров студенттерди китеп окууга үндөдү. Кече студенттердин концерттик программасы менен коштолду.
Жыйынтыгында аталган факультет тарабынан Илимий китепкананын фондусуна ар кыл тармактагы 50 нуска китеп белекке берилди. Китепкананын жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз, бул китептер өз окурмандарын табат деп ишенебиз.


