2025-жылдын 11−14-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Erasmus+ программасынын “Кыргызстандагы университеттердин каржылык автономиясын өнүктүрүү” DEFA-долбоорунун жыйынтыктоочу семинары болуп жатат.
Долбоордун максаттары:
- университеттерге ресурстарды топтоо жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн берип, өзгөрүп турган муктаждыктарды натыйжалуу канааттандырууга мүмкүндүк түзгөн, ийкемдүү жана эффективдүү каржылык автономия моделин түзүү;
- Кыргыз Республикасында жогорку билим берүү тутумун реформалоого көмөктөшүү жана анын эмгек рыногуна жана коомго тийиштүүлүгүн, ошондой эле университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- Жогорку окуу жайларынын өз алдынча башкаруу системасын пилоттук ишке киргизүү жана кеңейтүү, каржылык автономияны жогорулатуу;
- Университеттеги стратегиялык башкаруу процессин өркүндөтүү, каржылык туруктуулукту камсыздоо, мотивацияны жогорулатуу жана кадрдык потенциалды арттыруу.
Семинардын жүрүшүндө долбоордун 3 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын университеттеринин каржылык автономиясын 2024−2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы; Кыргыз Республикасынын университеттеринин каржылык автономиясын 2024−2030 жылдарга өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол картасы; Кыргыз Республикасынын университеттеринин каржылык модели; Кыргыз Республикасынын университеттери тарабынан каржылык автономия модели менен иштөө боюнча колдонмо; Каржылык автономияны башкаруу, каржылык стратегия, пландаштыруу ж.б. боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору; Каржылык автономиянын моделин университеттерде максаттуу пилоттук ишке ашыруу ж.б.
С.Нааматов Нарын Мамлекеттик Университетинде DEFA долбоорун ишке ашырып жаткан команда 3 жыл ичинде долбоордун алкагында НМУда аткарылган иштер, алынган жыйынтыктар, тажрыйбалар тууралуу доклад жасашты.
