Америка таануу борбору

Америка таануу борбору С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде 2005-жылдан бери иштеп келет. Бул борборТынчтык корпусунун волонтеру Кейл Вагнердин аракеттери менен жана Америка кошмо штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин колдооосу менен ачылган. Борбордун негизги максаты кыргыз жарандарынын профессионалдык мумкунчулукторун тренингдер, сабактар жана ар кандай иштер аркылуу жакшыртуу жана окутуучулардын ишмердуулугуно жардам беруу болуп эсептелет. Борбордо ар бир семестрде эки жуздон ашык студент билим алат. Сабактар менен катар эле ай сайын отулуп турчу иш-чараларга каалаган адамдар катыша алат.

Мындай иш-чаралар аркылуу жалан гана англис тилин уйронбостон, америка элинин маданиятын жана салт-санаасын да биле алышат. Студенттер 2000ден ашык китептери бар китепканадан, жана 500дон ашык DVD дисктер менен пайдалана алышат. Азыркы кундо роман-герман тилдер кафедрасынын окутуучулары жана тынчтык корпусунун волонтерлору студенттер учун курстарды, англис тили клубдарын, TOEFL даярдоо курстарын, мугалимдер учун тренингдерди откоруп турушат. Университеттин окутуучуларына эле эмес, орто мектептердин жана айылдык мугалимдерге да тренингдер откорулуп турат. Жети жылдан берки иштерде жуздогон адамдар тил уйронуп, жардам алышты. Америка таануу борборунун маданий иш-чараларына бардык каалаган адамдар катыша алышат. Нарын мамлекеттик университетинин америка таануу борборунун интернеттеги блогу: narynamericancenter.wordpress.com. Студенттер америка таануу борборунун волонтерлору менен тыгыз байланышып иштешип, чет мамлекетке окууга барууга чон жардамдарды ала алышат.