Р. Шүкүрбековдун 106 жылдыгы белгиленди

НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепкананын № 2 окуу залында 2019-жылдын 22-майында акын, сатирик жана драматург Райкан Шукурбековдун 106 жылдыгына карата адабий кече ѳткѳрүлдү. Кечени китепканачы Жыпара Медетбекова жана Роза Бектурова уюштуруп, анда акындын ѳмүр баяны, акынга арналган китеп кѳргѳзмѳгѳ баяндама жасалды. Ошондой эле кечеде студенттер Кубанычбекова Назира, Максатбек кызы Жазгул, Азим кызы Элеонора жана Марсбек кызы Айпери акындын ырларынан, сатираларынан окуп беришип, окурмандарга акындын термелеринен угузулду.

Китепкананын директору Гулзат Кыдыралиева кеченин катышуучуларына окуудагы ийгиликтерди калоо менен бирге китепкана менен тыгыз байланышта болуп, иш чараларга активдүү катышып, ѳздѳрүнүн Ата мекенге болгон атуулдук милдеттерин аткаруу менен бирге кыргыздын улуу чыгаандарын анын ичинен жазууларын тануу менен ѳздѳрүнүн дүйнѳгѳ болгон кѳз караштарын кенейтип китептерди кѳп окууга чакырып ѳттү.

Сүрѳттѳр