Аспирантура

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин магистратура, аспирантура жана докторантура бѳлүмү аспиранттардын илимий-изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ жетекчилик кылуу, анын жумушун координациялоо максатында уюштурулуп, илимий-педагогикалык адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу ишинде ѳзгѳчѳ мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги тарабынан 2002- жылы 11- февралындагы № 51/1 буйругунун негизинде тѳмѳндѳгү 6 багыт менен ачылган:

  • 01.00.00 Физика-математикалык
  • 05.00.00 техникалык
  • 08.00.00 экономикалык
  • 09.00.00 философиялык
  • 10.00.00 филологиялык
  • 13.00.00 педагогикалык илимдер

Алгач 8 аспирант бюджеттик окуу менен 4 аспирант контракт окуусу менен жана 4 изденүүчү кабыл алынган.

Магистратура, аспирантура жана докторантура бѳлүмү аспирантура багытында тѳмѳнкү негизги милдеттерди аткарат:

  • Аспиранттардын жана изденүүчүлѳрдүн жалпы ишмердүүлүгүн координациялоо, кѳзѳмѳлгѳ алуу;
  • Илим-изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ, илимий-практикалык конференция, семинар-тренингдерди уюштуруп, ѳткѳрүүгѳшарт түзүү;
  • Илимий стажировкалар, кадр алмашуу, чыгармачылык отпуск сыяктуу жолдор менен илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
  • Илимий-изилдѳѳлѳрү жыйынтыкталган аспиранттардын, изденүүчүлѳрдүн документтерин коргоо үчүн диссертациялык Кеңешке даярдоо, сунуш кылуу.

Мындай милдеттерди аткаруу процессинде бѳлүм тѳмѳнкүлѳрдү ишке ашырат:

  1. Аспирантурага сунуш кылынган адистердин (бүтүрүүчүлѳрдүн) документтерин иргейт, ирээтке салат жана кабыл алат;
  2. Аспиранттар менен изденүүчүлѳрдүн ѳздүк делолорун жүргүзѳт, туура толтурулушун кѳзѳмѳлдѳйт;
  3. Аспиранттардын кирүү экзамендерин уюштурат, аларды курстан-курска кѳчүрүү, окуудан чыгаруу же кайрадан кабыл алуу буйруктарын даярдайт, жалпы кыймылды каттоо карточкаларына киргизип турат;
  4. Аспиранттар менен изденүүчүлѳрдүн жалпы контингенти боюнча статистикалык иргѳѳ иштерин жүргүзүп, билим берүү жана илим министирлигине отчет даярдайт.

Аспирантурага тапшыруучулар: философия, чет тили жана атайын дисциплина боюнча экзамен тапшырышат.

Кандидаттык минимум (экзамен) — тапшыруу үчүн окуу планына ылайык, илимий философиянын тарыхы (110 саат), чет тилдери (англис, немец -140 саат) боюнча курстар уюштурулуп турат. Бардык аспиранттар кандидаттык экзаменди бергенден кийин, экзаменди бергендиги тууралуу күбѳлүк ар бир аспиранттын колуна берилет.

Ар бир аспирант жана изденүүчү мезгил-мезгили менен отчет беришип, кафедранын мугалимдеринин катышуусунда аттестациядан өтүп турушат. Ошол аттестациясынын негизинде аспиранттар курстан-курска көчүрүлүп турат. Аспиранттар менен изденүүчүлѳр жыл ичинде жетекчилеринин кѳзѳмѳлүндѳ илимий иштерин жүргүзүшөт. Университеттен гарантиялык кат алышып, Улуттук китепканадан кандидаттар менен докторлордун илимий эмгектери (диссертациялар) менен таанышышат. Ошондой эле республикадагы бардык жогорку окуу жайларынын жанаѳзүбүздүн университеттин илимий конференцияларына катышышып, өздөрүнүн илимий макалаларын жарыялап турушат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилип, учурда иштеп жаткан «Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча Жобонун» негизинде жана кирүү сынактарынын жыйынтыктары менен Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун буйругуна ылайык аспирантурага ар жылы бюджеттик жана контракттык негизде аспиранттар менен изденүүчүлѳр кабыл алынат.

Бүгүнкү күндѳ аспирантура бѳлүмү ачылгандан бери НМУда 122 угуучулар (аспиранттар менен изденүүчүлѳр) бүтүштү. Анын ичинен 76 сы ѳзүбүздүн окутуучулар, ал эми 50 сү ѳзүбүздүн бүтүрүүчүлѳр, 5 илимдин кандидаттары докторлук ишин жакташты, 40га жакын изденүүчүлѳр менен аспиранттар (кандидаттык) илимий иштерин жакташты.