«Университеттик онлайн китепкана» аттуу электрондук китепканалык система

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2019-жылдын 11-февралынан баштап «Университеттик онлайн китепкана» аттуу электрондук китепканалык системага кошулду. Кошулуу жана пайдалануу 2019-жылдын 11-июнуна чейин акысыз. Бул убакыттын аралыгында бардык окурмандар biblioclub.ru/ сайтына кирип керектүү материалдар менен акысыз колдонсо болот.
Бул системанын негизин гуманитардык жана табигый-илимий тармактар, экономика, башкаруу, саламаттыкты сактоо, архитектура жана курулуш, маалыматтык технологиялар тармактары боюнча электрондук китептер, илимий мезгилдүү басылмалар жана аудиокитептер, видеоматериалдар түзөт.
Китепканалык электрондук системага http://biblioclub.ru/ сайты аркылуу стационардык жана мобилдик компьютерлер, планшет, смартфон аркылуу кирүүгө болот.
Электрондук китепканалык системадан акысыз колдонууга укук берүүчү логинди жана паролду алуу үчүн Илимий китепкананын электрондук окуу залына, Бабаева Назирага кайрылыңыздар.

Байланыш телефону: 709 797 976, эл. почта: nazirababaeva@mail.ru.